Ата бейит сырын ачкан Бүбүйра апа үйлүү болду

Ата бейит сырын ачкан Бүбүйра апа үйлүү болду

 Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков кечээ, 19-апрелде,  Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды.

С. Исаков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коштоп келди

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты