Жаңы Өкмөт түзүлүүдө

Жаңы Өкмөт түзүлүүдө

Бүгүн премьер-министр шайланып бекитилет. Кечээ биздин редакция айткандай, бир гана Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлиги коюлууда.

Депутат Каныбек Иманалиев кечээ Сапар Исаков депутаттарды 120 өлүк олтурат деп айтканын сындап өттү.

Коалициялык көпчүлүк төрагасы Иса Өмүркулов  Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин сунуштап, Парламентте өкмөттүн жаңы курамы сунушталды. Бүгүн күн тартибинде өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралат.

Жаңы өкмөт курамы мындай сунушталууда:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абулгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов;

Каржы министри – Адылбек Касымалиев ;

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге ;

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов ;

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов);

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов;

Байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты