Самаркандга сапар

Самаркандга сапарАпрелдин орто ченинде Кыргызстандын жоон топ коомдук ишмерлери менен чогуу Самарканд шаарына сапар менен барып келдим. Топтун курамына таанымал коомдук ишмерлер Амангелди Муралиев, Замир Эсенаманов, Калнур Ормушев, Кубанычбек Исабеков, Равшанбек Сабиров,  Абдумажит Мадумаров, Смагул Нуркалиев, Майрамбек Расулов жана жаштардын өкүлү, “Кыргызстан эл аралык жаштар ассамблеясы” коомдук уюмунун лидери Аскат Токтошакунов кирген. Сапардын негизги максаты – Өзбекстандын тунгуч президенти маркум Ислам Каримовдун бейитине куран окутуп, урмат көрсөтүү, андан тышкары, элдик дипломатиянын алкагында өзбек туугандар менен карым-катнаштык алакаларды жандандыруу болду. 

 Эл аралык Ташкент аба майданында бизди «Өзбекстан – Кыргызстан» достук коомунун таанымал акын жана котормочу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзбекстан Республикасынын Эл мугалими Турсунбай Адашбаев, коомдун аткаруучу директору, таанымал өзбек манас таануучусу, филология илимдеринин кандидаты Зухриддин Исомиддинов, белгилүү өзбек телеалып баруучусу Абдикарим Мирзаев баш болгон өкүлдөрү жылуу тосуп алышты. Аталган коом 1996-жылда эле түзүлгөн экен.

 Салам сага, көөнө Самарканд!Самаркандга сапар
Самолеттон түшөөрүбүз менен бизди ыңгайлуу микроавтобуска отургузушту да Самаркандды көздөй жол тарттык. Ал жактагы атактуу Шахи-Зинда мемориалдык комплексине барып, экс-президент Ислам Каримовдун жаткан жерин зыяраттамак биздин башкы максат.
Самарканд бизди жадыраган күнү менен тосту. Карапайым калк арасынан кыргыз калпакчан мырзаларды кызыга карагандарды байкадым, айрым аксакалдардын: “Ээ, булар өзүбүздүн кыргыз агайындар го!» дегендерин угуп ичим жылыды.
Дегеле Самарканд толеранттуу, дили ачык калаа эмеспи, бул жерде кайсы бир замандарда Тимур (Тамерлан) падыша ааламдын ар кайсы бурчтарынан чакырып келген еврей, армян, грек, иран усталардын, ошондой эле Самаркандды багынткылары келген арабдардын урпактары азыркы кезге чейин жашап калышкан. Булар өзүлөрүнүн ким экенин, кайсы улутка таандык экенин алигүнчө унутушпаптыр.
Биздин кыдыруу Шахи-Зинда комплексинен башталды, бул жерде орто кылымдагы ишмерлердин, кийинчерээк белгилүү өзбек ишмерлеринин, анын ичинде туңгуч президент Ислам Каримовдун да сөөгү коюлган.  Баса, мындагы көз жоосун алган Хазраты Хызр мечетин И.Каримов өз демилгеси менен толук оңдоттурган экен.

Карапайым өзбектердин экспрезидент Каримовго болгон урматы чексиз…
Самаркандга сапарЧынын айтканда, бул жерде экс-президенттин бейитин көздөй агылган калктын агымы ушунчалык калың болот деп ойлогон эмеспиз. Карылар, кенедей балдар, жаштар, кемпирлер, деги койчу, кимдер гана жок. Айрым оорусу катуу адамдарды да жөлөп-таяп болсо да алып келип аткандарын көрүп таң калдым. Кылкылдаган элди карап туруп, булар кимдир-бирөөнүн буйругу же чакырыгы менен эмес, өз ыктыяры менен келип атышканы таң калдырат. Кандайдыр бир идеологиянын деле изи билинбейт. Алыскы кыштактардан тынымсыз келип аткан бул адамдарды карап туруп, саресепке салсам, бир күндө бир миңден ашуун адамдар келип-кетет тура. Кыскасы, экс-президенттин бейити жалпы элдик зыярат кылуучу жайга айланыптыр. Бул карапайым калктын мурдагы президентине болгон сүйүүсү жана сый-урматы эмеспи. Андан башка кантип түшүндүрүүгө болот? Бул чынында эле желкесине оңбогондой оор жүктү артып, улутуна акыркы деми чыгып кеткичекти ак кызмат кылган эл башынын арбагына көрсөтүлгөн сый-урмат. Эл башымын дегендердин ар бирине ушундай улук мартаба тагдыр буюрсун, бул аларга мыкты сабак жана өрнөк, анткени акыретке кеткенден соң аларды эл кантип эстейт, жерге түкүрөбү же моминтип кабырын гүлгө көмүп, ысымына ызат көрсөтөбү, мына ушуну ойлой жүрүүлөрү керек. Ар ким өз тагдырын өзү тандайт эмеспи…
Биз унчукпаган агым менен аралашып кетип бараттык. Комплекске кире беришке жеткенде ал жерде турган милициянын кызматкери бир эле ооз сураныч менен калың элди тык токтотту. Эл агымы экиге жарыла берип бизди алдыга өткөрүштү: «Мехмонларга йул бушатинглар!» (Конокторго жол бошотуңуздар!).
Тик өйдө кеткен тепкичтер менен жүрүп отуруп акыры экс-президенттин жаткан кабырынын маңдайына келип токтодук да, кыдырата тизилип коюлган стулдарга отурдук. Бирок мүрзөнүн өзүн көрө албадык, анын үстүн калай менен жамгыр, кар тийбегидей шыйпаң кылып куруучулар жаап атышкан экен. Эл отурган жагын болсо ак розага көмүлгөн мүрзөнүн чоң сүрөтү тартылган мата менен жаап коюшуптур. Молдо кырааттап куран окуп кирди, милиционер болсо сүрөткө тартканга болбосун айтып эскертип турду.Самаркандга сапар
Куран окулуп, бата тартылгандан кийин ылдыйга түшүп кайрадан кыдырып кеттик. Улгайып калган гид – өзбек аксакал тынымсыз саймедиреп, тарыхый эстеликтердин таржымалын баяндап атты. Тигине, тегерегибизде топ-топ болгон чет элдиктер, французча, англисче, немисче сүйлөшкөндөрдүн  үндөрү угулат. Биздин аксакал орус тилин мыкты билген киши экен же айта берип, сүйлөй берип тили такшалып калганбы, бир жеринен мүдүрүлбөй сүйлөп атты. Тимур падышанын табыты жаткан жарым караңгы жерге кирип баратабыз, жан-жакадан, дубалдардан көөнө кылымдардын оор үшкүрүгү угулгансыйт. Отуруп бул жерге да куран түшүрдүк. Анан сыртка чыгып шаарды аралай бастык.
Тегеректин баары мизилдеген тазалык, биздегидей кайдадыр шашкан, улунуп –жулунган бир киши жок, көчөсүндө биздегидей машинелер бири-бирине минишкен тыгын жок. Темтеңдеп көрүнгөн бакты сүзгөн мастар, салпылдаган кайырчылар жок. Жок дегенде бир жерден көрүнө калар бекен деп көчөлөрдү,  жолдорду тигилип караган менен бир жерден чачылып жаткан акыр-чикирди көрө албай «арманда» болдум. Элди кылка жашыл түскө боелгон автобустар (Кытайдыкы эмес окшойт, анан сары таксилер гана ташыйт экен, маршрутка деген да жок болуп чыкты).

Кайда сызып барасың,  Афросиёб?
Самаркандга сапарУбакыт деген зымырык куш дегендей, темир жол бекетине бараар маалыбызга аз гана убакыт калыптыр. Ал жактан биз поездге түшөбүз да Ташкентти көздөй артка тартабыз.
«Афросиёб – Самарканддын эски аталышы, — деп түшүндүрдү мага коштоп жүргөн белгилүү тележурналист Абдикарим Мирзаев. – Ылдамдыгы саатына 300 км. га чейин жетет. Октой учкан бул поезд жетер жериңе болгону бир жарым саатта гана жеткирип коет. Баса, Ташкент – Алматы багыты менен да ушундай тез жүрмө поездди ачып алганбыз. Эми буюрса Бишкек –Ташкент дегенди да ачып алсак арабыз бир топко кыскарып калмак, — дейт Абдикарим.
Билебиз го, Каримовду диктатор дешип сынтаккандар көп эле болбодубу. Анын ичинде а кишиге жөнү жок эле асылган биздин да ээнбаш жазмакерлер болду. Бирок ал киши жасап кеткен иштерди көз менен карап отуруп, таптакыр башка ойго келдик. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов мамлекетти талоондон сактап гана калбай, аны гүлдөтүп өнүгүүнүн даңгыр жолуна да салып коюптур. 32 миллион калкы бар чоң мамлекетте турмуш- жашоо бир калыпта, эч кандай ызы-чуусу, митинг пикети жок эле агып атканын көрдүк. Ишкана, мекеменин баары сааттай иштеп турат. Баса, Өзбекстан сыртка бир тыйын да карызы жок Борбор Азиядагы жалгыз өлкө дешти. Ошол эле мезгилде мамлекетте акырындык менен рынок экономикасы да кулач жайып баратканы байкалып турат.
Мен кесибим боюнча жан-дүйнөмө жакын бир гана адам менен – атактуу акын жана котормочу, жердиги Ала-Буканын Соот-Буланынан чыккан Турсунбай Адашбаев аксакал менен көбүрөөк баарлашканга аракет кылып аттым. 80 жаштагы аксакал кыргыз тилин мыкты билет, ар кайсы аймактардын говорлоруна да салып сүйлөп коет экен. Бул киши «Манас» эпосун, Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычын» өзбекчеге которуп окурмандарга тартуулаптыр.
«Силердин келгениңерге жетине албай кубанып турам, — деди Турсунбай аке. – Бизди жараткан тагдырлаш кылып жараткан, динибиз, менталитетибиз, маданиятыбыз, тилибиз бир. Анткени биз улуу түрктүн урпактарыбыз. Буюрса, солгундай түшкөн мамилелер кайрадан жанданып жатат. Мен буга колдон келген салымымды кошкум келет. Буга чейин «Манас» эпосун, кыргыздын башка акын-жазуучуларынын китептерин котордум, алардын арасында Кеңеш Жусупов баш болгон мыкты досторум да бар. Эми бир бололу, ортодон достугубуз кетпесин» деди жетине албаган Турсунбай аке.

Сапар карып баратканда биздин урматтуу аксакалыбыз Амангелди Муралиев өзбек туугандар менен коштошуп жатып буларды айтты:
«Мен Ислам Абдуганиевич менен жакындан тааныш элем, а кишинин сыйын көрүп, өз колунан алган эстелик белектерим азырга чейин үйүмдө сакталып турат. Бизге жылуу мамиледе болуп, акыл-насааттарын айтып турар эле. Ислам Каримов, шексиз, Чыгыштын улуу уулу болуп кала берет, анын жылдызы бүтүндөй Евразия көгүндө дагы далай жылдар жанып турарына ишенем. Бүгүн биз бул улуу инсандын кабырына куран түшүрдүк, арбагына таазим этип, адамдык парзыбызды аткарганыбызга абдан канааттанам. Күн сайын кылкылдап келип аткан элди карап туруп, биринчи президенттин бейити чынында жалпы элдик зыярат кылуучу ыйык жайга айланганына күбө болдук. Бул чыныгы элдик сый-урмат жана таазим. Биздин боордош эки элдин ынтымагы бекемдей берсин, ага ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошо берелик» деди Амангелди Муралиев.

Бахтияр ШАМАТОВ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты