Эртең ЖКда Өкмөт талапкери каралат.  “Республика- Ата-журт” көпчүлүк коалицияга кирди

Эртең ЖКда Өкмөт талапкери каралат.  “Республика- Ата-журт” көпчүлүк коалицияга кирди

Бүгүн, Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияга “Республика-Ата журт” фракциясы кирди.

“Республика- Ата журт” фракциясы көпчүлүк коалицияга киргенден кийин, анын катарында эми “Республика-Ата журт”, КСДП, “Бир бол”, “Кыргызстан” фракциялары болду.  “Ата Мекен” менен “Өнүгүү” фракциялары оппозицида.

Буга чейин Исхак Масалиев КСДП оппозицияга өтсө, туура болмок деген пикирин ЖК жыйынында билдирген.   

Рыскелди Момбеков  көпчүлүк коалициянын толукталышы менен жаңы спикер шайланбай турганын айтты.

Эртең, Жогорку Кеңеш жыйынында Өкмөткө талапкерлер каралат. Биздин маалыматыбызга караганда, негизги талапкер—Мухамедкалый Абулгазиев, президенттик аппарат жетекчиси болууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты