Өкмөттү кетиргенден кийин… Соңку сөз

Жогорку Кеңеш бүгүн, 19-апрелде, танапистен кийинки жыйында бир катар  маселени карап бүтүп, көпчүлүк коалиция жыйынына чогулду.

Бир катар процедуралык маселени карагандан кийин Жогорку Кеңеш жыйынында эки депутатка сөз берилди.Өкмөттү кетиргенден кийин... Соңку сөз

Исхак Масалиев өз сөзүндө Жогорку Кеңеште Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөнү бул тарыхтагы чоң окуя болуп, ал, биринчиден, жаңы парламенттик маданиятты, экинчиден, депутаттардын чын эле өкмөткө ишенбегендигин, өкмөт күткөндөй иштей албаганын айтты.

Масалиев ошондой эле Өкмөттүн кетирилгенине тышкы-ички карыздардын өсүп кеткени да себеп болгонун, тышкы карыз 300 млн сомго жеткенин айтты.

Депутат ошондой эле КСДП фракциясы бир жума мурун Өкмөткө ишеним көрсөтүп, эми бүгүн кайра ишеним көрсөтпөй калганы туура болбоду, алар премьерди колдошу керек эле деди.

Исхак Масалиев “Республика-Ата журт” көпчүлүк коалицияга кириши күтүлүп жатат деген маселени сындады.

Мыйзамда кошулат деген сөз жок. Фракциялар  биригет деп турат. Саясий партиялар кошулушу мүмкүн, парламенттин табигаты андай эмес. Мыйзамда жазылбаган, демек уруксат деген парламентке жарашпайт. Өзүбүз башынан туура эмес жол менен кетсек, келечегибиз жакшы болбой калат. Ошондуктан кошулат деген сөздү токтотуп, кайра түзсөк, Жогорку Кеңештин аброю бир аз көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Болбосо тепки жеп жүрө беребиз”, — деди И. Масалиев.

Ал эми андан кийин депутат Иса Өмүркулов сөз алып, ага жооп кайтарды. Ал көпчүлүк коалиция Өкмөттү колдогонун айтты. Ал эми бүгүн Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдошкону тынчтыкка, ынтымакка чакырып, ошону колдогонун айтты.Өкмөттү кетиргенден кийин... Соңку сөз

Көпчүлүк коалиция тараган жок. Ишеним көрсөтпөө жолу менен  Өкмөттү тараттык.    ТЭЦ, кошумча нарк салыгы боюнча бир топ маселелер болду. Биринчи топтогу майыптар 3 миң сом алса, бул жакта 800 млн дон чыгарып жатышат. Анан андай Өкмөттүн көзүн карап олтура берелиби? деди  И. Өмүркулов.

“Көпчүлүк коалиция тараган жок. Ким кошула турган болсо, сунуштар болсо карайбыз.. Жаңы түзүлгөн коалицияда, баарыбызда жоопкерчилик чоң. Кийинки өкмөттү сапаттуу адистерден шайлайлы”, — деди Иса Өмүркулов.

Төрагалык кылган Мирлан Бакиров эки жээкке сөз берилип туура болду деди. Ал эми бул тарыхый жыйында бүгүн экс-премьер болуп калган  Сапар Исаков парламенттен акыркы сөз сурап, Жогорку Кеңеш спикери Дастанбек Жумабековго кайрылган, бирок мурунку премьерге акыркы сөз берилген жок.

Айжан Айтышева    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты