Анкарада— Айтматов жылынын ачылыш салтанаты 

Анкарада-- Айтматов жылынын ачылыш салтанаты 

Бүгүн, 19-апрелде,  Түркияда Чыңгыз Айтматов жылынын ачылышы болду. Анда маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Султан Жумагулов   сөз сүйлөдү.

Ал  куттуктоо сөзүндө  Айтматовдун юбилейи бүт дүйнөдө белгилене турганын айтты.  Ошондой эле  кыргыз  бермети Ысык-Көлдө “Айтматов жана учур сыноолору” аттуу дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму өтөөрүн маалымдады.

Эске сала кетсек, Анкарада  Чыңгыз Айтматов жылынын  ачылыш салтанаты   ТҮРКСОЙ  уюмуна  мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечими менен кабыл алынган. Иш- чара 2 018-жылдын  19 – 22 -апрелине  чейин уланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты