Президент парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Президент парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.

Жолугушууга ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттик Аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициясынын  лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин үчтөң бирин  түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өлкөнүн  Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат” деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика — Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылаарын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты