Жаңы коалициянын болжолдуу курамы

Жаңы коалициянын болжолдуу курамыБүгүн Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алып, аны Президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберди. Президент бүгүн эле министрлер кабинетин отставкага кетирери күтүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга карганда, учурда парламентте жаңы коалиция куроо маселеси ич ара талкууланууда. Аны КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «Бир Бол» фракциялары түзөрү жана «Ата Мекен» менен «Өнүгүү» фракциялары оппозицияда калары болжолдонууда.

Ал эми кмөт башчыга негизги талапкер катары Президенттик аппараттын жетекчиси Мухамметкалый Абылгазиев менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдордун аты аталууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты