Ноокенде РЭТтин эки кызматкери ишканага 9,5 млн сом зыян келтирген деген шек менен кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук электр тармагы ишканасынын эки кызматкери электр энергиясына төлөмдүн дүмүрчөгүн жасалмалаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме берген маалыматка ылайык, Ноокен райондук электр тармагы ишканасынын кассири И. У. менен эсеп-кысап боюнча инженери К. А. ич ара сүйлөшүп алып, Ноокен районунда жайгашкан юридикалык мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон төлөмдөрүн жалган маалыматтар менен төлөдү деп көрсөтүп, банктык дүмүрчөктөрдү жасалмалап чыгарышкан. Натыйжада Жалал-Абадэлектро» АККына 9 млн 592 миң 894 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча материал 2019-жылдын 30-январында Ноокен РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган К. А. жана 1966-жылы туулган И. У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты