Жогорку Кеңеш Өкмөттү отставкага кетиргени калды

Жогорку Кеңеш Өкмөттү отставкага кетиргени калды
Бүгүн, 19-апрелде, “Республика-Ата Журт” фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов өкмөттү отставкага кетирүү маселесин сунуш кылды. “Ата Мекенден” Алмамбет Шыкмаматов бул сунушту колдоп, депутаттардын үчтөн биринин колдогону тастыкталганын айтты. Төрага Дастан Жумабеков өкмөткө ишеним көрсөтпөө каты да бар экенин тастыктады.
Анын айтуусунда, Конституциянын 85-беренесинде жана ЖКнын регламенти боюнча Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө сунушун киргизе алат.
Буга чейин эки фракция—КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп бааласа, “Ата Мекен”, “Республика-Ата журт”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары канааттадырарлык эмес деп тапкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты