Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө
- 7 лет мурун
- Блог
(Башы гезиттин өткөн санында) 11-бөлүм
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын он тогузунда Президенттик шайлоо болот деп айтылып калды. Алдыдагы шайлоо коомдо ар кандай пикирлер менен катар өтө чоң кооптонууну да жаратып жатканы табигый эле көрүнүш. Анткени 2005-жылдагы Март революциясы дагы, 2010-жылкы Апрель революциясы дагы кандайдыр бир деңгээлде шайлоонун шайтан оюндарынан от алып тутанганы тарыхый чындык. Ошону менен бирге азыр эл ичи да тынч эмес. Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү күн санап эмес саат санап чыңалып бара жатат. Буга бийликтин саясий оппоненттер менен сүйлөшүүлөрдөн качып, күч менен опузалоо саясатына ачыктан ачык эле өтүп жатканы негизги себеп болууда. Бакиев учурунда “мен Акаев эмесмин, бийликти колума автомат алып коргойм” деп элдин үрөйүн учурууга аракет кылса, азыр Атамбаев деле “кыңк эткендин баарын камайм, түрмөдө орун көп…” дегендей түр көрсөтүп, коомчулукту коркутуп-үркүтүү саясатына өтүп алганы деле ачыктан ачык болуп турбайбы. Оппозиция лидерлеринин бир тобуна карата кылмыш иштеринин козголушу, камалышы, аларды узак мөөнөттөргө түрмөгө кесүү, коомдук жана саясий активисттердин артынан күнү-түнү аңдуу, аларды суракка чакырып опузалоо, басма сөзгө карата кысым жасоо сыяктуу көрүнүштөр жакшылыктын жышааны эмес. Зомбулук менен караөзгөйлүктүн арты бүдөмүк. Муну азыр ар ким эле көкүрөк менен туюп, акыл менен сезип турат.
Анын үстүнө эл ичинде шайлоо, референдум дегендерге башынан эле ишеним жок. “Бийлик баары бир өз билгенин кылат” деген пикир калыптанып калган. Эки жыл мурдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына дагы, былтыркы мыйзамсыз өткөн референдумдун жыйынтыктарына дагы эл анча ынанган жок. 2016-жылдын аягында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордон чыккан чатактардын да куйругу азыркыга чейин үзүлө элек.
Ал эми карапайым элдин турмушу деле оозго аларлык жакшырып кеткен жок, бийлик органдарынын ишине, айрыкча Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ишине ичи чыккан кишини жолуктуруу мүмкүн эмес, күнүмдүк эле көйгөйлөрдөн улам эл ичинде нааразычылык күндөн күнгө күч алып бара жатканын да көрүп турабыз.
Учурда саясий жана коомдук уюмдар тарабынан “Таза шайлоо” темасына арналган ар кандай форумдар, тегерек столдор жана башка иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Алдыдагы шайлоо өлкөнүн тагдырын чече турган чек экендигин бардыгы түшүнүп да, билип да турат. Анткени шайлоонун жыйынтыгы менен өнүгүүнүн жаңы багыттары ачылып, жаңы маанай жаралып, жаркын келечекти карай жол ачылышы да мүмкүн, же болбосо, тетирисинче, бийликтин шайлоону өз каалаганындай калчоого аракеттери саясий тирешүүлөрдү курчутуп, ачыктан ачык эле кагылыштарга алып келип, өлкө башаламандыктын сазына кайрадан батып калуусу да мүмкүн. Окуя кандай өңүттө өнүгө турганы бийликтин аракеттеринен, шайлоого карата кандай саясат жүргүзө тургандыгынан, шайлоонун өтүшүнөн, анын жыйынтыгына эл ишенип, жаңы шайланган талапкерди мыйзамдуу шайланган президент катары кабыл алышынан көз каранды. Эгерде былтыркы референдумду өткөргөндөй болуп “жасайм дедимби жасайм, кылам дедимби кылам” дегендей түр менен өздөрүнүн талапкерин күчкө салып сүрөп жатып бийлик чектен чыгып кете турган болсо, анда “чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей кырдаал түзүлүп, өлкө ичинде тополоңдор башталары айдан ачык эле иш. Бул жагдайды биринчи кезекте президент Атамбаев жана анын аткошчулары, Жогорку Кеңештин депутаттары менен Өкмөт мүчөлөрү сезиши, билиши, туюшу абзел. Анткени бүгүнкү күнү өлкө үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте мына ушулардын моюнунда.
Февраль айынын орто ченинде “Коогалаңсыз саясат, бурмаланбаган шайлоо” аттуу Форумдун ишине катышып калдым. Иш-чараны Феликс Кулов менен Замира Сыдыкова башкарып өткөрүштү. Форумдун катышуучулары алдыдагы президенттик шайлоонун тазалыгын кандайча камсыз кылууга боло тургандыгы жөнүндө пикирлерин ортого салышты. Бирок форумдагы айтылган башкы ой бул акыркы жылдарда жаңылык катары кирип, калыптанып калган биометрикалык маалыматка таянуу менен шайлоо өткөрүүдөн жана автоматташтырылган урналардан баш тартуу, шайлоонун эски түзүмүнө кайра өтүү, жыйынтыкты мурдагыдай эле кол менен санап чыгаруу болду. Азыркы жаңы шайлоо түзүмүнө ишенич жок экендиги айтылды. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы борбордук сервер-компьютерде эле кол менен жасалып, каалагандай жыйынтык чыгарылып койору да айтылды. Мына ушул эле ойду Чолпон Жакупова да бир топ жыйындарда айтып жүрөт “…шайлоого ишенич жок, ал жерде бардыгы борбордук башкаруу сервер-компьютерде эле бурмаланып жасалат…” деп.
Апрель айынын он жетисинде Бишкекте коомчулук тарабынан “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу Тегерек стол да өткөрүлдү. Бул иш-чарага Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Аликбек Жекшенкулов, Асия Сасыкбаева сыяктуу мурда ар кайсы жээкте жүргөн саясатчылар катышып, мамлекеттин келечеги, учурдагы саясат жана ар бир жарандын, биринчи кезекте бийлик башында отургандардын жоопкерчилиги жөнүндө талкуу болду. Бул талкууда Келдибеков менен Ибраимова дагы шайлоо маселесине токтолушуп, адам жасаган нерсени адам каалагандай кылып башкара ала тургандыгын, каалаган жыйынтыкты алдын-ала камдап, даярдап койсо боло тургандыгын, автоматтык шайлоо системасы ишеничсиз нерсе экендигин, ал ар кандай бурмалоого кеңири жол ача тургандыгын айтышты.
Мына ошентип жарандык коомдо, саясий кыймылдарда алдын-ала эле азыркы шайлоо түзүмүнө ишенбөөчүлүк калыптанып калды. Шайлоо таза болбойт, бийлик каалаган жыйынтыкты компьютердин жардамы менен эле жасап койот, шайлоочулардын добуш берүүсү эч нерсени чечпейт, мурдагы замандардагыдай эле натыйжа болот, Атамбаев өзүнүн мураскорун зордук менен эле өткөрөт деген сыяктуу пикирлер кеңири тарап кетти. Ошентип шайлоого али 7 ай бар болсо дагы анын жыйынтыгы боюнча “таза өтпөйт, жыйынтыгы бурмаланат” деген тыянак чыгып калды.
Бул жагдай баарыбызды, айрыкча бийликтегилерди өтө ойлонтуучу нерсе. Так айтсак бул жагдай абдан кооптуу. Анткени шайлоонун жыйынтыгы легитимдүү болуш үчүн, президенттикке ким шайланса дагы андан ары өлкөдө туруктуулук сакталып, шайланган кишиге элдин ишеними болуш үчүн биринчи кезекте шайлоого элдин ишеними болуусу зарыл. Азыртадан эле ишеним жок болсо, шайлоонун жыйынтыгы баары бир бурмаланат деп эмитен эле айтып атсак, анда шайлоонун жыйынтыгы баары бир нааразычылыктарга, жер-жерлерде тополоңдорго алып келери ачык эле иш болуп атпайбы. Бийлик ээлери мына ушул жагдайга көңүл бурбай, “айта беришет, дей беришет, колдорунан эч нерсе келбейт” деген кыязда жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий оппозициянын лидерлери менен сүйлөшкүсү келбей сыртын салып турганы эң өкүнүчтүү. Азыркы шартта алдыдагы шайлоого карата түзүлүп жаткан коомдук пикирге көңүл бурбай, айтылган жүйөөлөргө жооп бербей коюуга бийликтин, айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттары менен Өкмөт мүчөлөрүнүн укугу жок, эгерде алар өз жоопкерчилигин сезишсе. А эгерде жоопкерчиликти сезбей, бир кишинин каарынан, анын жининен, ашата сөккөн чучукка жете турган сөздөрүнөн коркуп, “акты ак, караны кара” дей албай баштарын катып отура беришсе, анда жыл аягында кырдаал кандай болоорун бир Кудай билбесе эч ким билбейт, тынчтык болот деп кепилдик бере албайт.
2010-жылкы Апрель революциясынан кийин Шайлоо түзүмүнө, анын ишинин уюштурулушун түп тамырынан бери кайра оңдоп чыгууга өтө чоң көңүл бурулган, ошол учурдагы чечилүүгө тийиш болгон саясий маселелердин орчундуусу катары каралган, ошондой маани берилген. Жаңы Конституцияга ылайык, 2011-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиялар” жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алган. Мына ошол мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 12 кишиден турат, анын төртөө Президент тарабынан, төртөө Жогорку Кеңештеги башкаруучу көпчүлүк тарабынан, төртөө Жогорку Кеңештеги азчылык же парламенттик оппозиция тарабынан көрсөтүлөт. Ошондой эле мыйзамга ылайык, Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтердин, коомдук жана саясий уюмдардын кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Мына ушундай үч тараптуу куралган Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз болот, калыс жана ачык иштейт, өлкөнү кезектеги “жиндичиликтен” коргоочу тосмо болууга да кудурети жетет деген үмүт бар эле.
Ачыгын айтсам бул үмүттүн учугу менде али үзүлө элек, Борбордук шайлоо комиссиясынын, жер-жерлердеги Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мыйзам чегинде ачык иштешин камсыз кылууга толук шарттар бар. Азыртадан эле шайлоо түзүмүнө, анын уюштурулушуна, техникалык жабдууларына ишеним жок деп, “баары бир бурмаланат, баары бир жасалат, баары бир таза өтпөйт” деген позицияны кармануу – бул туңгуюкка карай жол, бул жол келишпес айыгышууларга, тирешүүлөргө, тополоңдорго гана алып барат. Бул чындыкты эч ким тана албайт го дейм.
Азыр бардык саясатчылар (оппозициядагысы дагы, жөнү дагы) шайлоодон кийинки коомдогу саясий кырдаалга кабатыр болуп, “бизге туруктуулук” керек деп айтып жатышат. Бирок шайлоодон кийинки туруктуулукту камсыз кылуунун бир гана жолу бар – бул шайлоого карата элдин ишеними. Ушул ишеним гана шайланган президенттин легитимдүүлүгүн камсыз кылат. Башка жол жок.
Убакыт чукул, азыр шайлоону өткөрүү тартибин өзгөртүүгө, жаңыдан калыптанып жаткан биометрикалык маалыматка негизделген добуш берүүнү алып салып, кайра мурдагы эле тартипке өтүүгө мүмкүн эмес. Күзүндө боло турган шайлоо каалайбызбы же каалабайбызбы азыркы эле тартип менен өткөрүлөт. Бул чындык.
Мына ушул чындыкты моюнга алуу менен, алдын-ала эле “бурмаланат, жасалат” деп бүтүм чыгара бербей, азыркы шайлоо тартибинин оош-кыйышын тактап, жыртык-тешиктерин аныктап, анын ачыктыгын камсыз кыла турган жолдорду издеп, жалпы шайлоонун жүрүшүнө коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жогорку бийликтин дагы, жергиликтүү атка минерлердин дагы “жиндичилигине” бөгөт коюу жагын ойлонгонубуз туура болор. Кеп учугун мына ушул багытта уласак.
(Уландысы кийинки санда)
Эмилбек Каптагаев