Президент Улуттук банк төрагасын кабыл алды

Президент Улуттук банк төрагасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 18-апрелде, өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы валюталык рыноктогу абал жана улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу чаралары, акча-насыя саясаты жана банк секторунун туруктуулугун камсыздоо боюнча айтып берди. Банк инфраструктурасын  өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча пландарга токтолду.  Улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан иш-чаралары жөнүндө да маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын негизги соода-сатык өнөктөштөрүнүн экономикалык абалын эске алуу менен Улуттук банк Өкмөт менен бирге өлкөнүн экономикасына болгон тышкы таасир этүү каналдарын жана деңгээлин аныктоо керектигин айтты. Товарларды импорт- экспорттогон ишкерлерге жана экономикага болгон сырткы рыноктордогу мүмкүн болуучу терс таасирлерге карата биргелешкен иш-чара планы зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты