Китеп жумалыгы өтөт

Китеп жумалыгы өтөт
Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган
«Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы башталды
Кыргызстанда 2018-жылдын 21-27- апрелине чейин улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөө жумалыгы өткөрүлөт.

Китеп жумалыгынын максаты—билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттыруу. Бул багытта ата-энелердин маанилүү орду, мекенчилдик, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын  бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү  максатында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына  көңүл буруу.
Мындан башка   Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсу боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи өтөт.
Ошондой эле Кыргызстандын бардык китепканаларында жана мектептеринде бир катар иш чаралар өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим  жана илим министирлиги, Мамлекеттик китеп  палатасы, ЮНИСЕФ, (USAID), АКШнын Кыргызстандагы  элчилиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты