Саясий куугунтукка кабылгандар боюнча комиссия түзүү зарыл дешет активисттер

Саясий куугунтукка кабылгандар боюнча комиссия түзүү зарыл дешет активисттер
“Коомдук келишим” деп аталган платформанын өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңеш депутаттарына Кайрылуу жолдошту. Саясий куугунтукка кабылган саясатчылар, журналисттер, коомдук ишмерлер, жарандык активисттердин иши боюнча комиссия түзүү зарыл дешет активисттер.
Кайрылууда алар президенттин сот тармагын реформалоо, коррупция менен күрөшүү демилгелери эл арасында колдоо тапканын, бирок демилгеге тоскоолдуктар болуп жатканы байкалганын белгилешет. Мамлекеттик кызматтан кетирилгендер мамлекеттик кызматка алынбасын дешет. Мамлекеттик жооптуу кызматтан кетирип гана тим болбой, алардын ишин, кемчиликтерин иликтеп, жазасын да кошо бериш керек деп айтылат.
“Биз президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын алардын алдында турган саясий жана тарыхый жоопкерчиликти сезип, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарына жаңы жетекчилерди дайындоодо, күч түзүмдөрү башка мамлекеттик институттарды басып койгондой абалга жол берилбеши керек” деп айтылат Кайрылууда.
Ошону менен бирге жетекчилерди гана алмаштырып коюу менен чектелбестен, анык реформа жүргүзүп, мыйзамдуулукту жана жарандардын ишенимин кайра калыбына келүүнү эл күтүп жатканы белгиленет.
Коомдук келишим” платформасы Жогорку Кеңеш Прокуратура, Ички иштер, Улуттук коопсуздук кызматы, президенттик аппараттын сот системасы боюнча жетекчилеринин ишин иликтөө жана куугунтукка кабылган саясий жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү, журналисттер боюнча парламенттик комиссия түзүшү зарыл экенин белгилешет.
Жогорку Кеңештин комитеттери мамлекеттик бюджеттен каржыланган—КТРК, ЭлТР, “Бешинчи канал”, “Пирамида” телеканалдарынын саясий оппоненттерди, жарандык активисттерди, журналисттерди сот боло электе жамандап турганын талдап чыгыш керектиги айтылат.
Кайрылууга Н. Токтакунов, Д. Ошурахунова, Э. Убышева, Р. Карасартова, К. Сооронкулова, К. Умуралиева, Т. Шайхутдинов,Э. Ногойбаева, А. Тажыбай, М. Түлегенов, А. Ниязова, Г. Чиркина, Г. Журабаева, Ф. Якупбаева, Б. Макенбаева, А. Алымбаева, Н. Айып кол койгон
Сүрөт 5-марттагы митингден

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты