Ардагер-геолог Бексултан Исаев эскерилет
- 6 лет мурун
- Блог
81 жашында кайтыш болгон ардагер-геолог Бексултан Исаевди эскерүү 21-апрелде Ысык-Көлдүн Корумду айылында өтөт.
Бексултан Исаев 16-мартта 81 жашында көз жумган. Ал 1937-жылдын 20-октябрында Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган. 1967-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктагандан кийин эмгек жолун Казакстандын Семипалатинск облусунун Жарма районунда геологиялык чалгындоо партиясынын геологу болуп баштаган.
1970-жылы Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясына которулуп, Бешекин, Чон-Кызыл-Суу жана Окторкой партиясында геолог болуп иштеген. Кадмий, жез, алтын жана башка металлдарды издөө, чалгындоо иштерине баа жеткис салымын кошкон.
1984-1989-жылдары Б. Исаев Кадастрдык бирдик металлогениялык партиясынын улук геологу жана 1 -категориядагы аэрокосмостук геологиялык бирдигинде эмгек жолун уланткан. Каржы министрлигине караштуу көзөмөл инспекциясынын баалуу металлдар башкармалыгынын башчысы, геологиялык музейдин жетекчиси болуп иштеп келген.
Исаевдин 40 күндүгү 21-апрелде Корумду айылында өтөт.Бул тууралуу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.