Нарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылат

Нарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылат

Эртең, 19-апрелде, Юстиция министрлиги Ист-Вест менеджмент институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Нарын облусунда Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачат.
Акысыз юридикалык жардам берүү борбору Нарын шаарында жана Кочкордо ачылат.

Борбордун ачылыш аземине Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын директору Кимберли Розен, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана ЖМКөкүлдөрү катышмакчы.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылат, ошондой эле калктын аялуу тобунун укуктук жактан корголуу деңгээлин жогорулатат.
Борборго келгендер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына кирген юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын алса болот.

Учурда Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн 20 борбору иштейт. Акысыз юридикалык жардам сурап кайрылгандардын көбөйүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты