АКШда Барбара Буш көз жумду

АКШда Барбара Буш көз жумду

АКШнын 41-президенти Жорж-Буштун жубайы Барбара  Буш кечээ, 17-апрелде,  92 жашында көз жумду. 

АКШнын эки экс-президентинин жакын адамы—Жорж Буштун жубайы, Жорж Буш-кичүүсүнүн апасы Барбара Буш 92 жашында каза болду.  Уулу Жорж Буш минтип жазган: “Менин ардактуу апам 92 жашында кайтыш болду. Биз—Лора, Барбара жана Женна кайгырып турабыз. Барбара Буш мыкты биринчи айым болду, кайталангыс аял, миллиондогон адамдарга сүйүү жана сабаттуулукту тартуулаган”.

Барбара Буш Нью-Йорк шаарында туулган.   Жорж Буш менен 16 жашында таанышып, 1945-жылы үйлөнгөң. Барбара Буш элди сабаттуулукка үндөөгө басым жасап, кайрымдуулук фондун ачкан.

Барбара менен Жорж Буш 5 балалуу болгон. Балдарынын бири— Жорж Буштун кичүүсү АКШнын эки жолку президенти болгон. Жорж Буш  улуусу 94 жашта.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты