ИИМ: Тогуз-Тородо кармалгандарга тиешелүү чара көрүлдү

ИИМ: Тогуз-Тородо кармалгандарга тиешелүү чара көрүлдү

2018-жылдын 11-апрелинде 30 адамдан турган комиссия “Макмалалтынкен” комбинатынын аймагында жайгашкан “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулушкан.
Жолугушууга 1000 ге жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Азыркы учурда, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылган. Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан. Андан сырткары салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.
Аталган факты боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174- (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренелерге (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234 жана 174-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш ишине шектелген Тогуз-Торо районунун 15 жашоочусу Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга камалышты.
2018-жылдын 11-апрелинде Биринчи май соту тарабынан Тогуз-Торо районунун 12 жашоочусуна 2018-жылдын 11-июнуна чейин тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлүп, үч аял кишиге сыртка чыкпоо баш коргоо чарасы көрүлгөн.
Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты