Өрт кырсыгы: Ош базарда 17 млн сом, Жалал-Абадда  630 млн сом зыян келген

Өрт кырсыгы: Ош базарда 17 млн сом, Жалал-Абадда  630 млн сом зыян келгенЖогорку Кеӊеште ушул жылы 30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Бишкек шаарындагы Ош базары соода-рыноктук комплексинин аймагында жана 13-апрелде Жалал-Абаддын борбордук базарында чыккан өрттүн себептери жөнүндө маселе өкмөт мүчөлөрү менен кырсыктан жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланууда.

Өрттүн себептерин аныктоо жана анын кесепетин жоюу чаралары жөнүндө маалымат берген вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, Ош базарындагы 30-январдагы өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн.

«Өкмөт тарабынан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү тарабынан токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Азыр жабыр тарткан жарандардын саны такталууда. Алдын-ала маалыматтарга караганда, 74 ишкердик субъект 17 млн сом көлөмүндө зыян тарткан» деди ал.

Ал эми Жалал-Абаддын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 млн сом өлчөмүндө зыян тартканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков  Ош базарындагы өрттөн жабыр тарткан жарандарды кабыл алып, кыргыз парламенти тарабынан аларга колдоо көрсөтүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берип,  бул маселе талкуулана турган парламент жыйынына катышууга чакырган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты