Актилек Гүлжигит кызы: “Эч качан пластикалык операция жасатпайм”

Актилек Гүлжигит кызы: “Эч качан пластикалык операция жасатпайм”Актилек Гүлжигит кызы жаңыдан таанылып келаткан теле алып баруучулардын бири. Классташы турмушка чыгып кетип, анын ордуна бир ай иштеп туруу үчүн телевидениеге барып, ошол күнү эле кызматка алынган. Үч суткага чейин уктабай иштей ала турган сапаты бар Актилек Британ музейине караганда Луврду, Хэмптон-Кортко караганда Версалды, Ковент-Гарденге караганда Опера Гарньени,  Вестминстер абаттыгына караганда Нотр-Дамды кызыктуураак деп ойлойт. 

—Актилек, кантип теле алып баруучу болуп калдыңыз?
Телевидениеде иштеген классташым бар болчу. Ал турмушка чыгып кетип, ордуна бир ай иштеп турмакмын. Бирок ТВга келген күнү эле жетекчилик үнүмдү угуп, дароо жумушка алышкан.

Үй-бүлөңүз, балдарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Үч уулум бар, улуусу 10 жашка чыкты, 4-класста, жакшы окуйт. Экинчи уулум 8ге чыкты, шок, орто окуйт. Үчүнчүсү али кичүү. Тилекке каршы, жолдошум беш жыл мурда дүйнөдөн өтүп кеткен. Апам мени чоңойткону аз келгенсип, эми балдарымды да карап жатат.

—Бир күнүңүз кандай өтөт?
—Бишкекте жалгыз жашаганым үчүн күндүн 70 пайызы жумушта өтөт. Үйгө уктап, жуунуп, анан кийим которуу үчүн эле барам. Көчөдөн тамактанам.

—Жашоодо бардык нерсенин даамын татып көрүш керек дешет го, а сиз эмнени эч качан кылбайт элеңиз?
— Эч качан кылбайм деген нерселер абдан көп. Алардын бири мен жүзүмө эч качан пластикалык операция жасатпайм.

—Тарыхый бир адам менен жолугуу мүмкүнчүлүгү бериле турган болсо, ким менен жолугар элеңиз?
— Пайгамбарыбыз менен жолугуу эмес, жөн гана үнүн түшүндө болсо да угуп калуу же  ысымын эшитип калуу — ар бир мусулмандын кыялы болсо керек деп ойлойм. Ошондуктан, мен бул мүмкүнчүлүктү, эгер мүмкүн болсо, пайгамбарымдын үнүн угууга алмаштырмакмын.

—Сизге айтылган эң оригиналдуу комплиментти эстеп көрүңүзчү?Актилек Гүлжигит кызы: “Эч качан пластикалык операция жасатпайм”
— Жакында бир кесиптешим «Сени эне катары сыйлайм» деп айтты эле. Мен үчүн бул эң оригиналдуу комплимент болду.

Өзүңүздөгү жаккан жана жакпаган сапаттар?
— 3-4 суткага чейин уктабай иштей алам, тырышчаакмын. Ушул сапатым жагат. Көңүлчөөктүгүм, баарына «макул» дей бергеним жакпайт.

—Сизге тартууланган эсте калаарлык белек болду беле?
— Баламдын аппликациядан жасап берген гүлү.

-Жакшы көргөн китебиңиз кайсы?
— Мэри Шеллинин «Франкенштейни».

—Кайра-кайра көрүүдөн тажабаган киноңуз кайсы?
— Альфонсо Куарондун «Гравитациясы»

—Эфир учурунда туура эмес сүйлөп алган учурларыңыз болду беле?
— Оштон түз эфирге чыгып жатып, таптакыр үнүм чыкпай калган. Ошондо оозумдан сөз качып, өзүм жогото баштагам. Кийин көпкө чейин стресс болуп жүрдүм.

—Кантип эс аласыз?
— Уктаганда эс алып калам.

—Мышык же иттин кайсынысын тандар элеңиз?
— Ит. Эмнеге экенин билбейм, бирок мышыкты аябай жаман көрөм. Үйдө мышык кармаган эмесмин. Мышыгы бар үйгө конокко барып калсам, тез эле кетип калам.

—Кайсы машинаны тандайсыз? “БМВ” же “Мерседес”?
—Машина айдабаганым үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн айта албайм, бирок дизайны боюнча БМВ жагат.

—Роза жагабы же жоогазынбы?
—Роза да, жоогазын да жакпайт. Бирок эгер экөөнүн бирөөнү десе, розаны тандайм. Анткени чынында эле кооз гүл.

—Палоо же бешбармактын кайсынысын тандайсыз?
— Оштун кызымын, ошондуктан, албетте, палоо. Бешбармакты көп жей албайм.

Актилек Гүлжигит кызы: “Эч качан пластикалык операция жасатпайм”—Китеп окуган жагабы же фильм көргөнбү?
—Китептин да, фильмдин да өзүнө жараша жакшы жактары бар. Мен китепти тандайт элем. Анткени китеп көп нерсеге үйрөтөт. Эң биринчи сөз байлыкты жакшыртат, а сөз байлык мен тандаган кесипте абдан маанилүү.

—Кайсы жагат: классикалык кийимби же спорттук кийимби?
—Мен классикалык кийим кием. Спорттук кийим жарашпагандай боло берет.

—“Кока-кола” ичесизби же “Шоробу”?
Экөөнү тең көп ичем. Айырмасы — шоронун зыяны жок, пайдасы көп. Ошондуктан шорону тандайм.

—Кайсы соцтармак жагат: Инстаграмм же фейсбук?
Инстаграммда катталгам, бирок көп кирбейм. Мага фейсбук ыңгайлуу.

—Кайсынысын тандайсыз: Самсунг же Apple?
Apple колдонгон эмесмин. Самсунг менен досмун.

—Кайсы шаар кызыктырат: Лондон же Париж?
Париж го дейм. Анткени Британ музейине караганда Лувр, Хэмптон-Кортко караганда Версаль, Ковент-Гарденге караганда Опера Гарнье, Вестминстер абаттыгына караганда Нотр-Дам кооз жана кызыктуураак деп ойлойм.

Гүлшайыр Сабырбекова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты