“Идеал-Хаусту” сатуу: Б. Казаков, Б. Мураталиев, эми С. Дибров камалды

“Идеал-Хаусту” сатуу: Б. Казаков, Б. Мураталиев, эми С. Дибров камалды

“Капитал+” ЖЧКнын башкы директору С.Дибров Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына жакын VIP-шаарчадагы “Идеал-Хаусту” сатуу иши боюнча кармалды.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде С. Дибров кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен 307-беренесинде (Менчиктештирүү, салык, бажы  же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыш иштерине шектүү катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков кармалган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Б. Казаков Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен дагы бир кылмыш иши козголду.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасынын орун басары Б. Мураталиев кармалды. Ага дагы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен 307-беренеси (Менчиктештирүү, салык, бажы же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

12-апрелде Б. Мураталиев убактылуу кармоочу жайга камалган. Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен ага карата дагы бир кылмыш иши козголду.

ИИМ Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми “Идеал-Хаусту” сатуу иши боюнча журналист Эльнура Алканова журналисттик иликтөө жүргүзүп, бирок журналист банк сырын ачты деп айыпталып жаткан. Эми “Идеал-Хаусту” сатуу боюнча үч киши камакка алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты