Чек арада чеп болуп…

Чек арада чеп болуп...Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде,  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берилди.

Уларбек Шаршеев Президенттин Чек ара кызматынын ишмердигин жана жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин жакшыртуу жөнүндө бир катар тапшырмасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымдады.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан, өзгөчө жергиликтүү тургундар жашаган чек арага жакын жерлерде көзөмөлсүз өтүүгө жол бербеш үчүн уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Сооронбай Жээнбеков ведомствонун алдына ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин  тапшырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы участокторунда жүргүнчү жана жүк ташуунун көбөйүшүн эске алуу менен Президент өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун  көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантууну тапшырды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын кеңешчиси Жеңиш Разаков  дагы катышты.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын  басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты