Акылбек Жамангулов, КР ЖК депутаты “Бишкекте 84 га жер ижарага берилип кеткен”

  Акылбек Жамангулов, КР ЖК депутаты “Бишкекте 84 га жер ижарага берилип кеткен”

Бүгүн, 17-апрелде, Жогорку Кеңештин үч фракциясында Өкмөт башчы Сапар Исаков отчет берип жатканда “Республика-Ата журт” фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жамангулов  ага суроо узатты. Өкмөт башчы  мэрия өкүлү сурооого жооп берет десе, мэрия өкүлү жыйынга катышпаган болуп чыккан.    

Депутат кийинки жылдары Бишкекте 84 гектар жер 5 жылга ижарага берилип, ал жакта ири курулуштар салынып жатканын билдирди:

 Андан бир сом да мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Ижарага берилген жерлерге жеке ишкерлер коммерциялык имараттарды, батирлерди куруп жатышат. Буга ким жооп берет? 84 гектар — мамлекеттик мүлктү уурдоо дегенге барабардеди.

Депутат Акылбек Жамангулов өкмөт башчыдан ошондой эле Мамлекеттик мүлк фондусу бир канча миллиондогон сом спонсорлук каражатты кайда кетирип жатканына кызыкты.

“Мамлекеттик мүлк фондусуна  5 жылда “Кыргызалтын” 12 млн 408 миң сом, РСК банк-2 млн сом, “Мегаком” 70 млн сом, “Манас” аэропорту 10 млн сом, “Кыргызтемиржолу- 136 млн сом… спонсордук жардамын көрсөтүптүр” деп, бул каражаттардын баарын Маммүлк фонду кайда жумшап жатканына кызыкты.

Мамлекеттик мүлк фонду өкүлү бул боюнча кыскача жооп берип, кенен маалыматты кийинчерээк беришээрин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты