200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев  ооруканага түштү

200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев  ооруканага түштү

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы 200 миң доллар пара менен кармалган  Баш прокуратуранын башкармалык башчысы Улан Чалбаев “Тез жардам” менен ооруканага жаткырылганын кабарлады. 

Баш прокуратуранын башкармалык башчысы Улан Чалбаев кечээ, 16-апрелде, Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы кабарланган.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кармалгандан кийин Улан Чалбаевдин кан басымы көтөрүлүп, ден-соолугу начарлап, ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Улан Чалбаев тиешелүү тараптан 500 миң доллар пара талап кылып, анын 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты