Кыргызстан-Европа бирлиги: Товар жүгүртүү 3,4 пайызга өскөн

Кыргызстан-Европа бирлиги: Товар жүгүртүү 3,4 пайызга өскөн

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, депутат Бахадыр Сулейманов ВСП+ алкагында кандай иштер жасалып жатканына, бул багытта Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен кызматташтык мамилелердин абалына кызыкты.
Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, Кыргызстан менен Европа бирлигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга өскөн. «Сооданын негизги үлүшү алтынга таандык – 70 пайыз. Алтынды эсепке албаганда, экспорт 45 пайызга өстү. Ага пахта, жип, козу карын, бал, бут кийим сындуу товарлар кирет. Аларды Улуу Британия, Литва, Германия өӊдүү өлкөлөр алууда» деди ал.
Экономика министри Кытай менен эт, бал, алча экспорттоо боюнча 4 протоколго кол коюлганын, ошондой эле эт, коон боюнча 5 протокол даярдалганын, ал эми Россия, Казакстандан товарларды импорттоо жаатында талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты