Москвада 7 млн рублин тоноткон кыргыз мигрантынын иши иликтене баштады

Москвада 7 млн рублин тоноткон кыргыз мигрантынын иши иликтене баштады

2018-жылдын 11-апрелинде «РЕН ТВ” сайтында видеорегистратор менен тартылып алынган видео жарыяланган. Анда кылмышкерлер автоунаага кол салышкан. Бул окуя Москванын Верхние поля көчөсүндө катталган.

Ал эми ата мекендик маалыматтык агенттиктерде белгисиз адамдар Москва шаарынын Капотня районунда кыргыз номурлуу автоунааны тоноп кетишкендигин билдиришкен. Кылмышкерлер машинанын терезесин сындырып, айдоочу менен жөө жүргүнчүгө бир нече жолу сокку урушкан. Андан соң, сумканы алып, изин жашырып качып кетишкен.
КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн берген маалыматы боюнча,  Россия ИИМинин Москва шаары боюнча бөлүмү тарабынан 3 адам машинадан (жашыл түстөгү Джип) чуркап чыгышып, экөө баллондук ачкычтар менен, бирөө тапанчага окшош нерсе менен куралданганы көрүнүп турган видеону изилдешкен. Видеонун сапаты начар. Кол салуучулар кыргыз номурлуу “Мерседеске” чуркап барышып, баллондук ачкычтар менен бир нече жолу сокку урушуп, тапанчадан ок чыгарышкан. Андан соң, сумканы алышып, изин жашырып кетишкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты Москванын Люблино жана Капотня райондорундагы бөлүмдөрүнүн аймагында катталганы аныкталган.
КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Жогоруда аталган факты 2018-жылдын 11-апрелинде Россия ИИМинин Люблино району боюнча бөлүмүнүн кылмыштарды каттоо китепчесине катталганы менен, 11-12-апрелде жабырлануучулардан арыз түшкөн эмес.

КР ИИМ Өкүлчүлүгү Россия ИИМинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Москва шаарынын Түштүк-чыгыш административдик округу боюнча ички иштер башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү менен бирге окуяга байланышы бар жабырлануучулар күбөлөрдөн окуянын чоо-жайы такталган. “Мерседес” такталып, жабырлануучу Талас облусунун 1987-жылы туулган Г.Р. аттуу жашоочусу болуп чыгып, соода-түйүндөрдүн биринде сатуучунун жардамчысы болуп иштээри аныкталган.
12-апрелде  жабырлануучунун арызы катталган. Ал арызында 11-апрелде белгисиз адамдар коркутуп, 7 000 000 рубль өлчөмүндөгү акчасын тоноп кетишкендигин билдирген.
Бул факты боюнча Люблино району боюнча ИИМ бөлүмү тарабынан Россия кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмүнүн “б” пункту (ири өлчөмдөгү каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.  Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу КР ИИМинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

(Иллюстрациялык сүрөт)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты