Акчалай компенсация төлөө тартибине өзгөртүү кирди

Акчалай компенсация төлөө тартибине өзгөртүү кирди

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Алсак, өзгөртүүлөр киргизилгенге дейре акчалай компенсация катталган жери боюнча дайындалган. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу (көбү кары-картаңдар), мүмкүнчүлүгү чектелгендер майыптыгын тастыктаган же күбөлөндүрүүчү документтерди тапшырып турушкан.
Жаңы Жободо акчалай компенсация жашаган жери боюнча, арыз берүүчүнүн каттоосун талап кылбастан дайындалат; жашаган жеринен маалымдама жоюлат; Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалыматты өз алдынча уюштурат.
Бул тууралу Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты