Президенттин кызы доуланын жардамы менен төрөдү. Доула деген ким?

  • 7 лет мурун

Президенттин кызы доуланын жардамы менен төрөдү. Доула деген ким?Аялзатынын, дегеле ар бир үй-бүлөнүн бактысы бала экени ырас. Кош бойлуу учурда эненин ыйлаганы, күлгөнү, кубанганы, кайгырганы, айтор, ар кыймылы курсакта жаткан түйүлдүккө түрдүү таасирин тийгизээрин эчак далилдешкен. Наристесинин дени-карды соо, психологиясы, аң-сезими жайында болушун кайсы ата-эне гана тилебейт. Албетте, кош бойлуу кезде аялзаты өзгөчө ачуулуу, болоор- болбос көрүнүшкө жинденип, сиркеси суу көтөрбөй калган учурлар кездешет. Эң негизгиси төрөт учурунда аялзатына өзгөчө көңүл бурулуп, ыңгайлуу төрөтүнө көмөк көрсөтүлүшү абзел. Буга жардамчы болгон коомчулукка жаңы гана таралып келе жаткан кесип бар. Ал доула деп аталат. Доула грек тилинен которгондо кул, кызматчы деген маанини берет.

Доула кесиби тууралуу кыскача

Боюнда бар маалдан тартып, төрөт учурунда, төрөттөн кийин аялзатына

  • психологиялык жардам көрсөтөт;
  • массаж жасайт;
  • дем алуу жана үн машыгууларын жана башка жардам көрсөтөт;
  • Маалыматтык колдоо көрсөтөт;
  • Кандай гана учур болбосун салмактуу чечим кабыл алууга жардам берет. Бирок өзүнүн оюн таңуулабайт.

Европа жана Америкадагы клиникалардын бир катарында доула менен кызматташуу боюнча атайын программалар бар.

Кыргызстанда бул кесипти аркалаган 4 айым бар. Бул кесипти аркалаган Жамиля Уметалиева биз менен ой бөлүштү.

тестова яподпись

— Жамиля, алгач бул кесип тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?
— Доула сөзү грек тилинен которгондо жардамчы деген маанини билдирет. Тагырак айтканда, кош бойлуу кезинде, төрөт убагында жана төрөттөн кийин аялзатына эмоционалдык, психологиялык жардам көрсөтөбүз. Кош бойлуу кезинде төрөттөн коркуу сезимдерин жок кылуу же кандайдыр бир маалыматка кызыкдар болсо жардам кылабыз. Төрөт маалында аялзатын эң жөнөкөй жардамдарды, суу берүү, массаж жасоо, ымыркай ыңгайлуу орун алышына шарт түзөбүз. Доула бул акушер эмес, ал төрөт механизмин түшүнгөн, эс алдыруу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн, ошол эле учурда медициналык билими жок адам. Ал диагноз койбойт жана көрсөтмөлөрдү бербейт.

— Кыргызстанда доула кесиби качандан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет?
— Эң алгач доула терминин 1969-жылы америкалык антрополог Даны Рафаэль өз изилдөөлөрүндө колдонгон. Салттуу коомдордун жашоо образдарын үйрөнүүдө ар бир коомдо төрөттө чоң жана эбегейсиз зор тажрыйбалуу аялдар бар экенин байкаган. Бишкекте доула кесибин аркалаган 4 айым бар. Бардыгыбыз доула кесибинин программасын окуп үйрөнгөнбүз. Эң алгачкыбыз бул программаны бир жарым жыл мурун окуп бүткөн, мен бир жыл мурун бүттүм.

— Өзүңүз кайсы тармактан билим алгансыз?
— Негизинен өзүм кесибим боюнча 5 жылдан бери иштебейм. Буга чейин эл аралык организацияда аудитор болуп иштедим. Бирок эң кичүү кызым төрөлгөндөн кийин кайрадан ал тармакка баргым келген жок. Көп убакыт өзүмдү таба албай жүрдүм. Доула кесибин аркалашыма аз гана убакыт болду.

— Сизди төрөттө ким коштоп кирген? Анан эмне себептен бул кесипти аркалоону чечтиңиз?
— Өзүм 3 баланын энесимин. Биринчи, экинчи балдарымды төрөгөндө жолдошум кошо төрөткө катышкан эле. Ал эми эң кичүү кызыма 6 ай болду, аны төрөгөндө кесиптешим Ксения Литвинова коштоп кирди. Бул кесипти аркалап калышыма бир тууган сиңдимдин төрөтүнө катышканым себеп болду. “Мен туура эле кылып жатамбы?” деген көп суроолорду берип жаттым өзүмө. Кийин дагы ошол төрөт көпкө чейин эсимден чыкпай жүрө берди. Анан бул кесип менен алектенүүнү чечтим. Менин мүнөзүмө, жан жүйнөмө туура келген кесип экен. Доула кесибинин программасын үйрөнүү кош бойлуу кезимден туш келип, кызым бул кесипти тандашыма чоң дем берди десем болот.

— Өз тажрыйбаңызда канча аял төрөттүңүз?
— Жогоруда айткандай, бул кесипке келишиме аз убакыт гана болгонуна байланыштуу өз тажрыйбамда 2 аялга кызмат көрсөттүм. Кызым кичинекей болуп азыр төрөттөргө барбай жатам. Себеби, төрөттөр түнү, кээ бир учурларда суткалап дагы болуп калышы ыктымал.

— Бул кызматка Кыргызстанда суроо-талап барбы?
— Суроо-талап бар, бирок азырынча чоң эмес, азыраак. Анткени биздин кызмат боюнча көптөрдүн маалыматы жок. Анан биз эптеп эле кардар таап, анын акчасын алууну көздөбөйбүз. Биз үчүн кардар менен ортодо түшүнүү болуп, бири-бирибизге дал келгенибиз маанилүү. Аял бизге ишеним көрсөтүүсү керек.

— Сиздердин кызмат канча каражатты талап кылат?
— Негизинен азыркы учурда Бишкекте доула кызматын көрсөткөн 4 кыз болуп кызматтын баасын 10000 сомдун тегереги деп сүйлөшкөнбүз. Бул баага ар бир кардарга индивидуалдык мамиле көрсөтүлөт.

— Акысыз кызматтар көрсөтүлөбү?
— Төрөт маалы аябай көп энергияны талап кылат. Бул себептен бекер кызмат чын эле колдоого муктаж болгон, каражаты жок айымдарга көрсөтүлөт. Бирок 3 айдан кем эмес убакыт аралыгында.

— Төрөт үйлөрүндө сиздерди кандай кабыл алышат?
— Ар кандай. Ал врачтан көз каранды. Чынын айтканда, биздин кесипти алар өздөрү дагы көп түшүнө беришпейт. Ошондуктан биз жөнөкөй жолун издеп, досторубуз деп коебуз. Кийинки төрөттө ошол эле врачка туш келип калбасаң бул өтөт (күлүп).

— Сиздер менен кантип байланышса, кайда кайрылса болот?
— Мени жана менин кесиптештерим менен инстаграм жана фейсбук аркылуу байланышса болот. Кесиптештерим Ксения Литвинова, Елена Конькеева кесипкөй психолог, Анастасия Белова кош бойлуу айымдарга йоганы үйрөтөт.

Президенттин кызы Алия Шагиева доула менен төрөдү

Президенттин кызы Алия Шагиева жакында уул төрөгөнү буга чейин маалымдалган эле. Алия биз жазып жаткан доуланын коштоосу менен төрөгөнүн өзүнүн баракчасында жазып чыкты.

Президенттин кызы доуланын жардамы менен төрөдү. Доула деген ким?

Президенттин кызы Алия Шагиева

— Костянын (ред: Алиянын жолдошу) эски футболкасына кара жиптер менен жана акрил менен ар кандай жазууларды тигип жатып “Төрөт бүгүн башталбай турса экен, мына ушул ишимди бүтүрүп алсам экен деп жаткам. Тартып бүткөндөн кийин Костяны сүрөткө тартып коюсун өтүндүм. Тартып бүткөндөн кийин толгоо башталды. Он сааттай үйдө толготтум, эки сааттай төрөт үйүндө. Үйдө үчөө болдук, мен, Костя, Ксюша – биздин доулабыз. Врачтар кийлигишпей, үйдө төрөө чечимин өзүм кабыл алган элем. Бул күндү мен майрам сыяктуу күтүп жаткам. Эмнеге үйдө төрөгүм келгенин, балким, башка жолу өзүнчө айтып берермин. Суу кеткенде мен сүйүнгөнүмдөн титиреп жаттым. Костя мени ар тараптуу колдоп жатты. Бир аздан кийин Ксюша келди. Эртең мененки саат бештерден баштап Ксения менен Костя мени ар тараптуу колдоп жатышты. Желкеме массаж жасап берип, бир нерсе ичесиңби деп сунуштап, позаны алмаштырып турууну сунуштап жана жөн эле сөздөрү менен дагы. Мен алар мага абдан ишенип жатышканын сезип жаттым. Өзүмө өзүм дагы ишендим. Түштөрдө толгоо абдан катуу боло баштады. Ооруганынан нервим чыдабай кетти, туура дем алууну дагы унуттум. Ксюшанын жардамы менен гана жинди болуп кетпей сакталдым окшойт, анткени ал керектүү учурда керектүү кеңештерди айтканды билет экен. Костя “Азыр болуп жаткан учур эң сонун учур” деди эле мен бир орой сөз менен жооп берип салдым. Бирок таарынган жок. Бул чыныгы өнөктөш менен төрөгөн учур болду окшойт… Азыр болсо бул кичинекей наристе менин жанымда эч нерседен капары жок уктап жатат. Биз төрөт кыйын экени тууралуу маалыматыбыз бар болуп туруп ушунча кыйналабыз, бала болсо эмне болуп жатканын түшүнбөйт дагы да.

Жазгүл Жекшенова

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты