Ош базарында өрттөн жабыркаган ишкерлер менен Өкмөт башчы жолугушту

Ош базарында өрттөн жабыркаган ишкерлер менен Өкмөт башчы жолугушту

Бүгүн, 16-апрелде Өкмөт башчы Сапар Исаков 13-апрелдеги Ош базарындагы өрттөн жабыркаган ишкерлер менен жолугушту.

Сапар Исаков азыркы учурда комиссия тарабынан 13-апрелдеги Ош базарынан чыккан өрттөн жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатканын билдирди. Мындан тышкары ал Экономика министрлигине өрттөн жабыркаган ишкерлердин документи кабыл алынып, Салык кызматына, Социалдык фонд кызматына  14-апрелге чейин өрттөн жабыркаган ишкерлердин карызын төлөө мөөнөтүн жылдыра туруу тапшырмасы берилгендигин айтты.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, коммерциялык банктарга өрттөн жабыркаган ишкерлердин кредиттик каражаттарын карап чыгуу жагы сунуш кылынууда.

Ош базарынан чыккан өрттүн себебин иликтөөнүн жүрүшүн премьер министр жеке көзөмөлүнө алган.

Базар ээлери менен биргелешип, ишкерлерге ижара акысын убактылуу төмөндөтүү маселеси да каралып жатат. Бишкек шаардык мэриясына  бул маселе боюнча базар ээлери менен сүйлөшүү маселеси тапшырылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Эскерте кетсек, 13-апрелдеги Ош базарынан чыккан өрттөн жабыркаган жеке ишкерлер талаптарын айтып,  бүгүн, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты