Президент  Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган кадрларды премьер Сапар Исаков кызматка коюуда

Президент  Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган кадрларды премьер Сапар Исаков кызматка коюуда

Өкмөт башчынын дагы бир буйругунун негизинде Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан төрагасы кызматынын бошотулду.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Сүйүнбаев Болот Тураровичти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындаган.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан бошоткон кадрларды премьер Сапар Исаков кызматка ала баштады. Алсак, бүгүн Өкмөттүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган Болот Сүйүнбаевди Президент Сооронбай Жээнбеков  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору кызматынан берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошоткон болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты