Меритократия багыты: Улуттук коопсуздук кызматы, башкы прокурор, биринчи вице-премьер орундарына ким келет? 

Меритократия багыты: Улуттук коопсуздук кызматы, башкы прокурор, биринчи вице-премьер орундарына ким келет? 

Өлкө башчысы дайындай турган бир катар жооптуу кызмат орундары өз жетекчилерин күтүп жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, башкы прокурор жана биринчи вице-премьер кызматынын орду азырынча бош. Президент Сооронбай Жээнбеков бул кызматтарга ылайыктуу, ишенимдүү кадрларды тандап жаткан убагы.   Бул кызматтарга кимдер келсе, кызматты көркүнө чыгара алат?

Улуттук коопсуздук кызматына ким төрага болот? 

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигинен кетти,  бул кызмат орду бош. Ошондой эле башкы прокуратура, биринчи вице-премьерлик кызмат өз жетекчилерин күтүүдө.

Генерал-лейтенант Болот Жанузаковдун ою боюнча,  Улуттук коопсуздук кызматына жана башкы прокурор, биринчи вице болуп, кызматтын негизги максатын түшүнгөн, дарамети күчтүү адам келиши керек.

“Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, башкы прокурор, биринчи вице-премьерлик бул орундар— эн жооптуу кызматтар деп эсептейм. Ал орундарга дарамети күчтүү, өтө жоопкерчиликтүү, иштин жөн-жайын билген, эң негизгиси ошол кызматтын максатын түшүнгөн, мекемеде иштеген адистер менен тил табышып, аларды ишке арттырып, иштин алга жылышына жол таап берет турган жетекчи туура болор эле.  Андай дараметтүү инсандар көп, уучубуз куру эмес. Алардын ичинен Президент тандап, жакшылап калчап койсо жакшы болот”  дейт Б. Жанузаков.

Ал Улуттук коопсуздук кызматына, башкы прокурорлук кызматка, биринчи вицелик кызматка кимдер татыктуу экенин конкреттүү атагысы келбейт.

Ал эми коомчулукта Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигине ким татыктуу  деген суроого келсек, жаңы дайындалган УКМКнын анализ кызматынын директору, УКМК төрагасынын биринчи орун басары Идирис Калыркулов,  президенттик кеңешчиси Асылбек Кожобековдун аттары аталууда. Ошондой эле бул кызматта мурда, 2010-2011-жылдары иштеп кеткен УКМК генерал-майору Марат Иманкуловдун, азыркы депутат Мыктыбек Абдылдаевдин, социалдык түйүндөрдө  Улукбек Кочкоровдун ж.б. ысымдары аталууда.

Бул кызмат орунга татыктуу кимдер бар деген суроого эксперт Марс Сариев бир гана жоопту айтууга мүмкүн экенин айтты.

“Бул аталган 3 кызматтын кайсынысына болбосун, татыктуу профессионал-кесипкөй адамдар келиши керек. Улуттук коопсуздук кызматына профессионалдар керек, журналист же башка кесип ээлерин бул кызматка алуунун кереги жок. Ал эми мурда чоң кызматта иштеп кеткендер эмес, жаштардан же жаштардан болбосо деле профессионалдар бар. Бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, табууга болот” дейт Марс Сариев.

Генерал-лейтенант Токон Мамытов  бул тармактарга кандай жетекчилер келсе, тармакты оңдоп кете алат дегенде, мындай сунушун билдирди:

“Эң биринчиси — мекенчил болушу керек, өзүнүн же бир топтун кызыкчылыгын ойлобой, жалпы кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон адам болушу керек. Экинчиси, Улуттук коопсуздук кызматында болобу, башкы прокуратурада болобу, сөзсүз түрдө профессионал болушу керек, өң тааныш деген болбош керек. Жумуштун ыгын, көзүн билген, чечилчү жолдорун билген профессионал адам болуш керек. Үчүнчүсү—билимдүү, маданияттуу адам болсо. Себеби бүгүн Кыргызстанда “окумал” кишилер көппүз, бирок даана өлкөнүн айланасында же дүйнөдө болуп жаткан, глобалдык процесстерге анализ жасап, анысы Кыргызстанга пайдалуубу, кайсынысы терс таасирин берет дегенди караш керек.

Төртүнчү,  жок дегенде өмүрүндө  бир мекемеде  бөлүм башчы болуп иштеген болсо. Антпесе, галстук байлаганды билгендерди эле жетекчи коюп келгенбиз.

Токон Мамытов  Улуттук коопсуздук кызматын Абдил Сегизбаев  жетектеп турган учурундагы жакшы жагын да белгилеп кетти.

“Калыстык үчүн айта кетейин: Сегизбаев иштеген жылдары Улуттук коопсуздук кызматы терроризм жана экстремизмди алдын-алып иштеди, Кыргызстанда бир да теракт болгон жок. Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында 2016-2017-жылдары Улуттук коопсуздук кызматы 1 млрд 200 млнсом мамлекеттин казынасына акча түшүргөнүн да айта кетиш керек” деди ал.

Башкы прокурор ким болот?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева коррупция менен жеткиликтүү күрөшө алган жок деп, мамлекет башчы аны кызматтан 13–апрелде алгандан бери бул кызмат ордуна ылайыктуу кадр издеп жаткан убагы. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, КР  Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жолдубаева Индира Ырысбаевна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан бошотулган.

Башкы прокурордун ордуна ким татыктуу? Феликс Кулов башкы прокурорлукка депутат Канат Керезбековду сунуштай турганын айтат.  Социалдык түйүн колдонуучулар арасында  Мыктыбек Абдылдаевдин, Аида Салянованын  татыктуу экени тууралуу да сөз жүрүүдө.

Биринчи вице-премьер ким болот?

Биринчи вице-премьерлик кызматка жаңы дайындалаар менен жоболоңдуу ишке аралышып калгандыгы жагынан Аскар Шадиевдин аты-жөнү айтылып, ал болсо өз жүйөсүн айтып келген. Же тактап айтсак, КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 2 млн сомду  жиги жок жымырып алган деген айып менен Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Арсен Закиров кармалган.  Ошол кезде аталган комитетти  Аскарбек Шадиев башкарып турган. Бул окуяны УКМК таап чыгып, Башкы прокуратура иликтегенден кийин Аскарбек Шадиев өз арызы менен биринчи вице-премьерлик кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. 13-апрелде Аскарбек Шадиевдин арызы канааттандырылып, ал биринчи вице-премьерлик кызмат ордунан кеткен.

Биринчи вице-премьерлик кызматка кимдер келиши мүмкүн?

Коомчулукта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев дайындалып калышы мүмкүн деген да божомолдор айтылууда. Бул тууралуу эксперт Марс  Сариев мындай жоромолдун ыктымалдуулугун да баса белгиледи:

“Мындай жоромол компромисс катары болушу ыктымал. А. Атамбаевдин кадрларын антип жылдырбаса, элита бөлүнүп кетиши ыктымал. Мурунку кызматында Абдил Сегизбаевдин кемчилиги көп болуп калбадыбы.  Түндүк-түштүк деген да нерсе бар. Ошондуктан ич ара сүйлөшүп “жумшак” версия табылышы мүмкүн” дейт Марс Сариев.

“Азыркы учурда Кыргызстан ички-тышкы саясаты, укук коргоо органдарынын иштөөсү, коррупция менен күрөшүү боюнча меритократия бийлигин орнотуу багытында бара жаткандыгы байкалат. Саясий же диний көз карашына карабай. татыктуу, барктуу, профессионал тажрыйбалуу адамдар иштеши керек деп жатат” дейт Токон Мамытов.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты