Фарид Ниязов КСДПнын саясый кеңешинен кетет

Фарид Ниязов КСДПнын саясый кеңешинен кететБул тууралуу мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушуу учурунда билдиргенин ЖК депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Жолугушуу учурунда депутат эки Президенттин ортосундагы мамиленин бузулушуна Фарид Ниязов себепчи болгонун, ага чейин дагы Атамбаев Президент болуп турган учурда Президенттик аппарат менен фракциянын байланышы начарлап кеткенин айткан.

Бул пикирге жооп кылып Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотоорун, ал «Апрель» деп аталган фондду жетектээрин, жакында КСДПнын саясы кеңеши кайрадан кураларын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты