Болот Сүйүмбаев Финполдун башчылыгына дайындалды

Болот Сүйүмбаев Финполдун башчылыгына дайындалды

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын мурдагы директору Замирбек Осмонов бүгүн кызматтан алынган. Анын ордуна Сүйүмбаевди дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Буга чейин Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басары болуп иштеп келген. Ал өткөн аптада президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Ал Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага да Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты