Премьер жаңы курулган мектептердин сапатына көңүл бурууну талап кылды

Премьер жаңы курулган мектептердин сапатына көңүл бурууну талап кылды
Коомчулукта көптөн бери эле сапатсыз курулган мектептер тууралуу сөз болуп келаткан. Премьер-министр Сапар Исаков бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен 13-апрелдеги кеңешмеде өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселени талкуулады.
Курулуш компанияларын тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл экенин премьер белгиледи.
«Заманбап технология жана сапаттуу материалдардын пайдаланылышына көңүл буруу керек. Бардык курулган мектептерди текшерип чыгып, кемчиликтерди ыкчам тартипте жоюу зарыл» деди Сапар Исаков.
Өкмөт башчы социалдык объектилер имаратын камсыздоонун маанилүүлүгүн да белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалмдагандай, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин 13үндө жасалгалоо иштериндеги кемчиликтер аныкталган, алар кийинчирээк жоюлган».
«2016-жылдын соңунда 150, 275, 375, 500 окуучуга эсептелген мектептердин типтүү долбоорлору иштелип чыккан. Быйылкы жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана ооруканалардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгууга тендер жарыяланган” Б.Абдиев.
Маалымат үчүн: 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында жалпы суммасы 10,7 млрд сомдук 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты