Келин болууга үйрөткөн курстар

Той-топурда кызмат көрсөткөн “Келин на час” кызматы азыр эч кимди таң калтырбай деле калган сыяктуу. Бирок бул компаниянын баштаган жаңы кызматы кызыгууну жаратпай койбойт. Бул  — кыз-келиндерге идеалдуу келин болуунун сырларын үйрөткөн курстар. Биз бул жолу “Келин на час” компаниясынын негиздөөчүсү Индира Темирканова менен алардын ишмердүүлүгү жана жаңы сунушталып жаткан мына ушул кызмат тууралуу маектештик.

Келин болууга үйрөткөн курстар—“Келин на час” деген кызмат тууралуу укканыбызга көп эле болуп калды. Негизи иштеп жатканыңыздарга канча жыл болду?

— “Келин на час” ачылганына бир жарым жыл болду. Бул кызмат көрсөтүү жаатында иштеген ишкана 2016-жылдын август айынан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

— Азыр мындай кызматтарды көрсөткөн келиндер тобу да көбөйүп кетти, сиздерди алардан кантип айырмаласа болот, өзгөчөлүктөрүңүздөр кандай?

— Биз ачылып жатканда бул жаатта кызмат көрсөткөн топтор көп болчу. Алардан биздин негизги айырмачылыктарыбыз биздин формабыз, логотибибиз жана баалулуктарыбыз деп айта алабыз. Башка компаниялардан жана ресторандан келген официанттардан артыкчылыгыбыз – биз барган үйдүн кожойкесинин намысын коргоп, үйдүн кызындай кызмат кылып, ийкемдүүлүк көрсөтүп, жагымдуу атмосфераны түзүүгө аракет кылабыз. Айта кетчү нерсе, тойдун астында жалгыз гана кожойке менен кызматташпастан, тойду тейлеген тамаданын, ашпозчунун, официанттардын кыймыл-аракеттерин координациялап иштейбиз. Башкача айтканда, тойдогу бүт кызматкерлердин сапаттуу иштешине жана убакытты үнөмдөгөнгө аракет жасайбыз.Келин болууга үйрөткөн курстар

— Көрсөткөн кызматтарыңыздар менен алардын бааларын кошо тизмелеп берсеңиз?

— Биз жаңы ачылганда жөн гана дасторкон тейлөө кызматы катары ачылдык эле. Азыр болсо биздин компания алты кызматтын түрүн көрсөтүүдө. Алар: тамаданын кызматы, музыкалык аппаратураны ижарага берүү жана музыкалык коштоо, идиш-аяк ижарага берүү, тойдун дасторконун толугу менен тейлөө, шоколаддык фонтан жасоо жана кейтеринг ( фуршет жана кофе-брейк – ред.). Эгер бул кызматтардын баалары жөнүндө сөз кыла турган болсок, отуз адамга эсептелген идиш-аяк ижарасы, кашыгынан дасторконуна чейин 6000-7000 сом, тойду тейлөө кызматы орто эсеп менен 10000 сом, анын ичинде ашпозчу, официант жана идиш жууган кыздын кызматы саналган. Музыкалык аппаратуранын ижарасы жана музыкалык коштоо 5000 сомдон жогору, тамада болсо 100 доллардан жогору. Ал эми кейтеринг кызматынын баасы адамдын санына жана берилген бюджетке жараша болот.

— Жакында эле сиздердин келиндерди турмушка даярдоо курстарыңыз тууралуу маалыматты көрүп калдык, бул кызматты ачууга эмне түрткү болду, анын зарылчылыгы бар бекен, суроо-талап бар бекен? Айтайын дегеним үйдөн апа-эже, жеңелеринен деле үйрөнүп келишкен да ушул убакка чейин?

Келин болууга үйрөткөн курстар— Бул долбоорду жаңыдан ишке ашырып баштадык. Долбоордун аягында кыз-келиндер бактылуу турмушка даяр болмокчу. Албетте, буга чейин ушул сыяктуу курстар болуп келген. Бирок ал курстар башка жаатта сабактарды өтүп келишкен, мисалы идиш-аякты, үй оокатын туура колдонуу, ашканада өзүн туура алып жүрүү сыяктуу. А биз болсо адамды психологиялык, медиациялык, конфликтологиялык жактан даярдайбыз жана адамдын ички потенциалын көрсөтүүгө жардам беребиз. Кыз-уландар үй-бүлө курган соң үй тиричилиги менен чектелбестен, алардын алдыга койгон максаттары бир болуу, турмуш кыйынчылыктарына туруштук берүү бул курстун негизги максаты болмокчу.

— Бул курстарда эмнелерди үйрөтөсүз? Кимдер сабак берет?

— Бул курс кыз-келиндерди бактылуу жашоо курууну үйрөтүүгө максатталган. Мында бизге психологдор турмуш кыйынчылыктарына кантип психологиялык туруштук көрсөтүүнү, медиаторлор конфликттерди чечүүнү үйрөтүшөт. Алардан сырткары өз ишинде ийгиликтерге жетишкен айымдар, тренерлер, коомдук ишмерлер сабак өтүшөт.

— Өзүңүз тууралуу, бул бизнес түрүн кантип баштап калганыңыз, ийгиликтери кандай болуп жатканы тууралуу айтып бериңиз?

— Мен азыр жыйырма алты жаштамын. Бул бизнести ачууга чоң үй-бүлөнүн келини болгонум түрткү болду. Жумушума дагы, конок тосууга дагы жетишпей баратканда мына ушундай кызмат болсо, мен акысын төлөп бермекмин деп кыялданчу элем. Акыры ошону өзүм ишке ашырдым. Ал эми бизнестин ийгилиги жөнүндө айтсак, эки жылдын ичинде нөл сом менен башталган стартап орто бизнес деңгээлине жетти. Экинчиден, биз өнөктөштөрдү таап, жалпы өлкөбүзгө жайылып, коңшу Казакстандын Астана шаарында биздин баалулуктарыбыз жана системабыз менен иштеген өкүлчүлүгүбүздү ачууну пландаштырып жатабыз. Буюрса, компания өнүгүү жолунда.

— Маегиңизге чоң рахмат!

Чолпонбек Сабырбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты