Сурактан кийин ооруп калды

Сурактан кийин ооруп калды

Бүгүн, 13-апрелде, Аскарбек Шадиев ооруканага жатты. 

Биринчи вице-премьер-министр  кызматынан кеткен Аскарбек Шадиев Улуттук кардиология борборуна  жатты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, дарыгерлер бейтаптын өтүнүчү менен ден соолугунун абалын талкуулаганга укуктары жок экенин кабарлады. Шадиев дарыланып жаткан бөлүмдөгү күбөлөрдүн айтымында, ал жакты коргоо кызматы кайтарууга алышкан. Эмнеге күнү-түнү бөлүмдү кайтарып жаткандыгы боюнча ал бөлүмдүн дарыгерлери да маалымат берүүдөн бар тартышты.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Аскарбек Шадиев вице-премьерлик кызматынан кетип, анын себеби “Жогорку Кеңештин Эл аралык бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Арсен Закиров бюджеттен көп суммадагы акча жеген” деген кылмыш иши  болгон. Ал бул кызматта 4 ай гана иштеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты