Максим Бакиевдин коттедждерин сатуу иши боюнча Бакыт Мураталиев кармалды

Максим Бакиевдин коттедждерин сатуу иши боюнча Бакыт Мураталиев кармалдыМаксим Бакиевдин коттедждерин сатуу иши боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орун басары Бакыт Мураталиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал Бишкек ШИИбинин убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Менчиктештирүү, салык, бажы иштерин жүргүзүүдө кызмат абалын пайдаланып лицензия берүү» беренелери боюнча айыбы угузулду.

Эске салсак, ушул эле кылмыш иши боюнча Маммүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков кармалып, эки айга №1 убактылуу кармалуучу жайга камалган эле.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты