Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына которулду

Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына которулдуМаммүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына которулду.  Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп айыпталып кармалган. Казаков 10-апрелде кармалган. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин жең ичинен сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда,  Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» деген беренелери менен кылмыш иши козголгон.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты