Бишкекте “Берекет” соода борбору күйүп кетти (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы «Берекет» соода борборунда чыккан өрт тууралуу таңга маал 4кө чукул маалымат келип түшкөн.

Мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипова өрттү өчүрүүгө жалпысынан 14 техника тартылды деди. Тилсиз жоонун себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында 3-ири өрт кырсыгы катталууда. 5-мартта «Сейтек» базарынын миң чарчы метр аянт күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты