Жээнбеков: Кыргызстан парламенттик демократияга өтөт

Жээнбеков: Кыргызстан парламенттик демократияга өтөтКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин лидерлери менен жолугушууда. Кыргызстандын Европа комиссиясындагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Европанын бир катар мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп жатканын билдирди:

— Эң негизгиси, президент «биз парламенттик демократияга өтөбүз» деп айтты. Ушул учур аябай кызыктуу болуп жатат жана басым ушуга коюлууда. Президенттин экономикалык жактан эмес, саясий кызматташууну алдыңкы орунга коюп жатканы буларга жагып жатат. Саясий маселелер чечилсе, башка маселелер да, экономикалык кызматташуу да чечилет. Азыр жаңы келишим каралып жатат. Эки жарым жылдын ичинде аны бүтүрүү боюнча тапшырма алдык. Бул келишим Европа Биримдиги менен карым-катышты жаңы деңгээлге көтөрөт.

Исаев кошумчалагандай, президент Жээнбеков демократия жана адам укуктары коргоо боюнча жолдон чыкпай турганын да билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эки күндүн жумушчу сапар менен Брюсселге 11-апрелде барган.

Сапар алкагында Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европарламенттин спикери Антонио Таяни жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугары кабарланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты