Текебаевдин саламаттыгы кошумча текшерилет

Текебаевдин саламаттыгы кошумча текшерилетБул тууралуу Улуттук кардиология борборунун жетекчиси Айнагүл Жумагулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, буга чейинки алынган анализдердин жыйынтыгы жана текшерүүлөрдүн корутундусу боюнча 12-апрелде дарыгерлер консилиум өткөрдү:

-Консилиумда берилген маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын дагы кошумча текшерүү зарылчылыгы бар экени аныкталды. Кан тамырлары дагы текшерилүүгө тийиш, мындан тышкары невропатолог көрүшү керек.

Жумагулованын маалыматы боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшерүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлери тарабынан жүргүзүлөт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 абактан 10-апрель күнү Улуттук кардиология борборуна жеткирилип, ден соолугу текшертилген. Текебаевди ооруканага которуп дарылоо же абакта калтыруу маселеси текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша, дарыгерлердин корутундусуна ылайык чечилери айтылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты