Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголду

Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголдуТогуз-Тородогу «Макмал алтын» фабрикасынын жанында чыккан тополоң боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык», «Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Тогуз-Тородо кырдаал толугу менен милициянын көзөмөлүндө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта кырдаал тынч экенин ал жакта жашагандар өздөрү да билдирип жатышат.

Эске салсак, кечээ 11-апрелде  Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Алар ишкананын курулушу бүтө элек имаратын өрттөп жиберишкен. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганы маалымдалган. Ал күнү тартипти сактоого 80 милиция тартылган.

Бул окуяга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисовду өкмөт башчы Сапар Исаков кызматтан бошотту. Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жөнгө салуу зарыл экенин айтып чыгышкан. Акимди жумуштан алып гана тим болбостон, жергиликтүү жарандардын сөзүн угуп, фабриканын аймагына курулушка уруксат бергендерди жазага тартууну сунушташты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты