WhatsApp аркылуу өспүрүм балдар колун кескилеген видео тарады

WhatsApp аркылуу өспүрүм балдар колун кескилеген видео тарады

Чүй районунун Өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекция бөлүмү  WhatsApp аркылуу күмөн туудурган видеолордун таралып жатканын иликтеп чыгышты. Ал видеодо өспүрүм балдар колун кескилеп тырык калтырышканы көрсөтүлөт. Оперативдүү иликтөөлөрдөн кийин, райондун мектептериндеги кээ бир окуучулардын колдорунда кескиленген тактар бар экенин аныкташкан. Бул фактты текшерүү үчүн комиссия түзүлүп, алар бардык мектептерди кыдырып, окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Алган маалыматтарга караганда, балдар “Көк кит” сыяктуу  жана ага окшогон оюндарга тартылган эмес. Ички иштер башкармалыгынын адистери комиссия менен бирге түшүндүрүү иштерин дагы да улантаарын Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты