Бишкектин көчөлөрүндө видеокамералар иштей баштайт
- 7 лет мурун
- Блог
Бүгүнтөн баштап Бишкектин үч жерине коюлган видеокамералар “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында иштей баштайт. «Таза коом” программасын ишке ашыруудагы алгачкы жыйынтыктар менен бүгүн премьер-министр Сапар Исаков таанышат. Анын бет ачары бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда өтөт. Маалыматка караганда, камералар Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде, Байтик Баатыр-Ахунбаев, Байтик Баатыр — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Алар бир ай тест түрүндө иштетилет. Андан соң жол эрежесин бузган айдоочуларга билдирүү келе башташы керек.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!