Камактагы саясатчылардын жакындары бул иштерди кайра кароону суранышты

Камактагы саясатчылардын жакындары бул иштерди кайра кароону сураныштыЖогорку Кеңештин бир катар депутаттары камактагы саясатчылардын жакындары менен жолукту.

Камактагылардын туугандары алардын камалышына тиешеси бар кызмат башчыларын жоопко тартууну жана бул иштерди мыйзам чегинде кайрадан кароону талап кылышты.

Марс Кыдыкбаев «УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алып эле тим болбой, жоопко тартыш керек» деген талабын койду. Ал эми абактагы Канат Исаевдин бир тууганы Талант Исаев Сегизбаев менен Жолдубаеванын Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу имиштер айтылып жатканын билдирип, «алар жоопко тартылышы керек» деген талаптарга кошулаарын билдирди.

«Саясий туткундарды коргоо комитетинин» төрагасы Сапар Аргымбаевдин маалыматы боюнча, 33 киши саясий негизде куугунтукталган. Бир нече ай тергөө абагында жатып чыккан Дастан Сарыгулов саясий жактан айыпталып, абакта жаткандар боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү сунуш кылды.

Депутат Жанар Акаев «саясий негиз менен айыпталып, камакта жаткандарды чыгарыш үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланабыз» деп билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты