Тогуз-Тородо чогулган эл «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын өрттөп жиберди

Тогуз-Тородо чогулган эл "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп жибердиТогуз-Тородо миңге чукул эл чогулуп алтын кенин иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын жана техникаларын өрттөп жиберишти. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кырдаалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Бүгүн, 11-апрель күнү 30 адамдан куралган ведомстволор аралык комиссия «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын иши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Чогулгандар комиссиянын сөзүн аягына чейин укпай таш бараңга алышып, компаниянын кеңсесине кирип кетишкен. Жергиликтүү калк компания берген убадаларын аткарбай жатат деген дооматтарын айтууда.

ИИМдин маалыматына караганда, өрт өчүрүүчү кызмат келгени менен жолдун жабыктыгынан өтө алган эмес. Комиссия мүчөлөрү коопсуз жерде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты