Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай президенти менен жолукту

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай президенти менен жолуктуБүгүн КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Президенти Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуу Бао шаарында өттү.

Жолугушуу учурунда Атамбаев менен Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктүн өсүп бара жатканына токтолушту. Ошондой эле Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак – бир жол» форумунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өз кезегинде Кытай башчысы Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктады.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты