Сапар Исаков Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырды

Сапар Исаков Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырдыӨкмөт башчы Сапар Исаков Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Таалайбек Жапаровго «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видео-көзөмөлдү алып салууну тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул маселе 10-апрель күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйыны учурунда «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов тарабынан көтөрүлгөн.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси бул маселе оң жагына чечилерин билдирген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты