Болсунбек Казаков камакка алынды

Болсунбек Казаков камакка алындыМамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков 10-апрелде камакка алынды. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун «Азаттык» радиосуна билдиришинче, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

— Ал Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат,- деди Сейитов.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты