Гүлнара Кахарованын күлүп турган көздөрү, бактысы жана арманы

Гүлнара Кахарованын күлүп турган көздөрү, бактысы жана арманыГүлнара Кахарова деген атты укканда ырчылык менен энеликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап келаткан татыктуу инсанды элестетебиз. Гүлнара айым менен биз, чыгармачылык, жашоо тууралуу маектештик.

Башат
Чыгармачылыкка кызыгуу бала кезден эле башталган. Үйгө конок келсе эле аларга ырдап, концерт кое берчүмүн.  Кийинчерээк мага Акбар Оморов деген агайым багыт берди. Андан соң борборго келип эстрада боюнча билим алдым. Ал жакта ыраматылык КР Эл артисти, профессор Марлен Темирбеков агайым вокалдан мага сабак берип, жашоого туура багыт берген. Ал кезде «Жетиген» деген ансамбль бар болчу, ошол жакта ырдап калдым. Ошондой эле Мукан Рыскулбековдун ырлары менин чыгармачылыгымдын башаты болду.

УчурдаГүлнара Кахарованын күлүп турган көздөрү, бактысы жана арманы
Азыр эми балдарым чоңоюп, чыгармачылыкка кайра активдүү кирише баштадым.
Жакында Күмөндөр Абыловдун “Билип кой” деген ырын жаздырып ырдап чыктым. Алишер Тоотаев менен дагы иштешип, андан дагы жаңы ырларды алдым.  Негизи ырчыларды азыр тойлор багат, кыргыз элимде жакшылык көп болсун. Мен дагы той-топурдан калбай эле жүрөм. Чоң сахнага 1989-жылы чыккам, жакында 30 жыл болот. Буюрса, ошондо чоң отчеттук концертимди берсем деген планым бар.

Дос
Достукка бекеммин. Эч качан аларды сатып кетпейм. Бетиңе мактап туруп, артыңдан жамандагандарды жаман көрөм. Ошондуктан досторумдан менин кемчилигимди бетиме айткыла дейм, мен өзүм дагы ошентип айтам. Анткени чыныгы дос күйдүрүп айтат. Бири-бириңдин сыныңды көтөрө албасаң анда эмнең дос?

Күлүп турган көздөр
“Дайыма күлүп жүрөсүң” деп көздөрүмө комплимент көп айтышат.  Дайыма күлүп жүрсөң жашооң дагы бактылуу болот да. Бирөөгө жамандык каалап, ич күйдүлүк кылып турсаң анда сенин жүзүңдө дагы жылмаюу болбойт. Ошондуктан адамдын ички дүйнөсү анын бетине чыгат деп ойлойм. Менин жолдошум дагы мени дайыма колдоп, “Дайыма күлүп жүр, бирөөнүн жакшылыгына барсаң дагы күлүп-жайнап бар” деп колдоп турат.

Аял биринчиби, эркекпи?
Биздин үйдө жолдошумдун айтканы баары бир мыйзам. Тең укуктуулук болуш керек деп айтпайм. Бирок ал деле менин айтканым гана болот дебейт. Мени менен кеңешип иш кылат. Ошол эле учурда жолдошум бул болбойт десе, мен аны угам. Аял менен эркек тең укуктуулук деп атаандаша берсе турмуштун ызы-чуусу көп болот да.

Кызганыч
Кимибиз көбүрөөк кызганчаак экенибизди айтуу кыйын. Экөөбүз тең чеги менен эле кызганабыз. Жаш кезде кызганычтар көбүрөөк болчу. Барган сайын ал калыбына келип, бири-бириңе болгон ишеним пайда болот экен да. Эң башкысы чектен чыгып, кызганычты оору кылып албаш керек. Айрыкча аял киши көбүрөөк сабырдуу болушу шарт.

Баланы кимдер сүйбөгөн
Жети баланын энесимин. Улуу кызым бойго жетип, куда күтө турган учурга келдик. Кичүү балам быйыл бешке чыгат. 9,10,11 жаштагы балдарым мектепте окушат. Аларды мектепке узатып, кайра тосуп алып отурам. Ошолор үчүн тамак жасап, ашканадан чыкпайм. Бирөөсү кетсе, бирөөсү келип ошолорду тосуп алып, узатып отурам. Мен ашканада жашайм. Балдарымды таштап бир жакка эс алууга барып көргөн эмесмин. Буларсыз элестете албайм. Балдарың жаныңда болгондон артык бакыт жок. Мурдараак бала багуучу алып, ал мага жардам берчү. Ал эмнени кылса, балдарың ошону туурайт экен. Ошондуктан бала багуучу алууну каалабайм. Андан көрө өзүм чоңойтконум жакшы. Биз үй-бүлөдө он бир тууган болуп чоңойдук. Ошондуктан көп балалуу їй-бїлєнү жактырам, азыр бир туугандар бири-бирибизге жөлөк болуп турабыз. Кийин менин балдарым дагы ушинтип бири-бирин колдоп турса деп ойлойм. Бала деген бакыт да, мен азыр жаш ырчыларга: «Жакшынакай жумушуңар, жолдошуңар турганда төрөп алгыла», — деп көп айтам. Бала чыгармачылыкка эч качан зыянын тийгизбейт. «Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт» деген сөз бекеринен айтылбаса керек, Кудай балдарыма ырыскысын берип жатат. Негизи менин жолдошум көп жулунбайт, балдарды адал тамак менен багалы, ошол жугумдуу болот деп айтат.

Бала тарбиялоо ыкмасы
Мен эне катары балдарымдын көрүп жаткан кинолорунан бери киришем. Анткени бала кайсы жакшы, кайсы жаман экенин ажырата билиши керек. Балдарымды эркелеткенде эркелетип, катуу боло турган жерде катуу болуп коём. Балдарым болсо атасын сыйлап, атасынан сестенип турушат. Аял дайыма атаны өйдө коюп турушу керек. “Атаң билсе жаман болот, экинчи кайталаба” деп турам. Бирок балдарымды эч качан уруп-сабап жазалабайм.

Гүлнара Кахарованын күлүп турган көздөрү, бактысы жана арманыӨмүрлүк жар
Жолдошум балдарын гана бакпастан, менин чыгармачылыгыма дагы колдоо көрсөтүп турат. Өзү дарыгер. Ошондуктан, мисалы, балдар ооруп калса мен дары-дармек берип карай албайм, корком, атасы карайт. Эгерде ал жумушта болгондо балдарымдын бирөөсү ооруп калса, дароо жолдошума телефон чалам. Атабыз — биздин үй-бүлөлүк дарыгерибиз десек болот. Биринчи үй-бүлөсүнүн дени сак болушу керек да, ошондо анан ага эл ишенет.

Арман
Буга чейин бир гезитке айтып бердим эле. Апам кан басымынын жогорулугунан улам инсульт алып, өзү көп баса албай калган эле. 1996-жыл болчу. Мен Базар-Коргонго концерт менен барып, туулган айылымда жүрүп калдым. Ошондо апам «Кызым, көчөгө чыгып басып,  каналга чейин баргым келип жатат, жетелеп барып келчи» деди. Аңгыча үйгө коноктор келе турган болуп калып, мен тамак даярдап, ал күнү чыкпай калдык. Эртеси мен Бишкекке кетип калдым.  «Ысык-Көлдө Кадыр түн» фестивалына катышып жүрүп түш көрдүм. Түшүмдө азуу тишим өзүнөн-өзү түшүп калды. Туруп эле дароо айылга жөнөдүм. Апам менен кучакташып эне-бала бир сыйра ыйладык. Апам мени күтүп жаткандай сезилди. Анда баарын түшүнчү, бирок сүйлөй алчу эмес. «Өчпөгөн жылдыз» деген ырымды жакшы көрөр эле, ошону кайра-кайра ырдап бердим. Ыраазы болгондой башын ийкеп укту. Ошондо белине чейин муздап калыптыр, молдо келип дем салды. Ошентип мен барган күнү түндө каза болуп калды. Апамдын ошол жөнөкөй эле суранычын аткарбай калганыма аябай арман кылам…

 Наам
Чындыгында, өзүм наам алайын деп чуркаган жокмун. Наам алуу үчүн чуркап, документтериңди алып барып тапшырууң керек да. Мен бир да документ тапшырбадым. Анткени документ тапшырып, бирок бербей койсо жүрөгү ооруп, капа болуп, ырдан жок же наамдан жок жүргөндөрдү көрүп жүрөм.Ѳткөндө биринчи жолу “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы берилгенде, мага да наамдар бөлүмүнөн чалышып «тез арада документтериңиз керек болуп атат» дешти, мен ал учурда Ошто болгондуктан телефон аркылуу эле баарын айтып бергем. Бирок наам берилгенде унчугушкан жок. Менин оюмча, элдин сыйлыгынан өткөн сыйлык жок. Сыйлык мен үчүн өтө деле маанилүү эмес. Дос, тууган-уруктар эле «эмнеге сыйлык албайсың?» деп чоң тема кылып, күйүп-бышып калышат.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты